Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Иштейм десең мекенге, билим алгын чет жерде


Абитуриент. Бишкек
Абитуриент. Бишкек

Чет өлкөдөгү окуу жайларга кантип тапшырып, кандай жолдор менен өтүүгө болот? "Азаттык+" бул жолу ушул суроого жооп издеди.

Чет жерде окууну каалаган жаштар арбын. Бирок башка өлкөдөн билим алуунун жолун билгендери саналуу. Көпчүлүктө чет жерге чоңдун же байдын балдары эле окуйт деген түшүнүк калыптанган.

Кыргызстан жылына чет өлкөлүк окуу жайлар менен келишимдин негизинде миңге жакын гранттык негизде орун алат. Серепчилер гранттык негизде бөлүнгөн орундар жөнүндө маалымат ачык эместигин айтып, чет жакка окууга бараткандардан күмөн санашат. Чет өлкөгө окууга таанышы же акчасы жок тапшыра албай калып нааразы болуп жүргөн абитуриенттер дагы арбын. Бирок Билим берүү министрлиги бул маалыматты четке кагат.

Соңку эки жыл ичинде Бишкекте чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларына гранттык негизде өтүүгө даярдаган бир нече жеке уюмдар пайда болду. Алар да чет өлкөгө билим боюнча өкмөттүн бирдиктүү саясаты жок экенин сындап келишет. Бирок ар бир жаран чет өлкөдөн билим алууга өзү аракет кылуу керектигин белгилешет. Интернет, технология өнүккөн заманда чет өлкөдөгү окуу жайларга онлайн байланышса болот.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандын 15 миңге жакын жараны чет мамлекеттерде билим алууда. Ар жыл сайын Орусия, Түркия, Кытай, Беларус, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандагы жогорку окуу жайлардын ар бирине гранттык негизде окууга бештен жыйырмага чейин орундар сунушталат.

Чет өлкөдө билим алууну каалагандар эң башкысы ошол өлкөнүн тилин мыкты өздөштүрүшү керек. Орусияга 2016-2017-окуу жылына 300 гранттык орун бөлүп берди. Ал эми Малайзияга он беш, Түркияга 2015-жылга чейин 100-200 гранттык орундар бөлүнгөн. Жылына коңшу Казакстанга беш орун, Беларус – беш орун,Тажикстан – 25 орун бөлүнгөн.

Чет өлкөдөн билим алууга негизи көп каражат талап кылынат. Орто эсеп менен жылына бир адамга 5000 доллардан 10 миң долларга чейин акча керек. Мындан сырткары жашаган жерге, тамак-аш, кийим-кече жана баскан-турганга да каражат керектелет.

Иш кылам десең мекенге, билим ал барып чет элге
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:56 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG