Ошондой эле көрсөтүүдө БУУнун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) демилгеси менен "Азаттык" радиосу жарыялаган видео сынак жыйынтыкталды. Эки айга созулган "Ырыс алды - ынтымак" аттуу сынакка ар башка этностук топтордун мамиле-катышын чагылдырган ондогон видео баяндар түшүп, мыкты делген 15тен ашуун тасма "Азаттыктын" сайтына жарыяланган.
-
Айгерим Акылбекова
"Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган.
-
Токтосун Шамбетов
"Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan