Кыргызстанда кандай экономикалык абал болбосун той сезонуна тоскоол боло албай калды. Күз айы менен кошо тапкан-ташыган акчасын сапырып, “Ала-Тоодой эт, ала көлдөй чык кылып” өткөргөн тойлордун парады башталат.
Албетте ар ким өзү тапкан акчасын кайда чачып, эмне кыларын өзү билет. Бирок кызыгы, орточо айлык 10 миң сомду түзгөн, казынасы бөксө өлкөнүн эли той-ашта өчү бардай акча сарптаган адаты күчөп баратканын айтпай коюуга болбойт.
Учурда баш калаадагы тойканалардын күнү тууп жаткан кези. Бири-бирине атаандашкан ресторан-кафелер улам жаңы кызмат сунуштаса, ансыз да "той жарышка" түшкөндөргө жага бербей калды. Ал эмес, айрым банктар, кафе-ресторандар насыяга той өткөрүп берүүнү сунуштап жиберишет. Ошентип тойканаларда кышка чейин кезекке турушат.
-
Айгерим Акылбекова
"Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган.
-
Токтосун Шамбетов
"Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan