Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Өз унутуп, өзгө баалаган таланттар


Кыргыз каскадерлору
Кыргыз каскадерлору

“Азаттык+” бул жолу чет жердеги кыргыз каскадерлеру, барк-баасы жогору кино операторлор, ат үстүндө ойноп, абада калкып дүйнө кыдырган таланттар тууралуу берүү даярдады.

45 жаштагы Нурбек Болотов Голливудду баш кылып көп өлкөлөрдө баш-аягы кыркка жакын белгилүү тасмаларга тартылып жүргөн мыкты кыргыз каскадерлорунун бири.

Дүйнөлүк кино компанияларда биздин каскадерлорго талап күчтүү, себеби, кыргыздар көчмөн турмушту жакшы билип, ат үстүндө ойноп шамдагай келет. Нурбек менен иштешкен топтогу каскадерлор ар тараптан машыгуудан өткөн. Жергиликтүү кино тармагында кыргыз каскадерлору катышкан тасмалар аз тартылат. Ошондуктан бул кесипти аркалагандар көбүнчө Казакстанда иштеп, чет өлкөлөргө да Казакстандын атынан чыгышары айтылып келет.

Өз унутуп, өзгө баалаган таланттар (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:47 0:00

Жаш каскадерлордун бири 24 жаштагы Зияшты акыркы кезде тартылып жаткан тасмалардагы уруш-мушташ эпизоддорунан көрүп келебиз. Зияштын айтымында, каскадерлукка кызыккан улан-кыздар көп болгону менен алардын көпчүлүгү темирдей катуу тартип, машыгууларга чыдабай кетип калышат.

Өз унутуп, өзгө баалаган таланттар (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:55 0:00

Аз күн мурун Москва шаарында мобилдик технологиялар боюнча өткөн регионалдык сынакта Кыргызстандан барган ArtAsian тобу биринчи орунду ээледи. Сынакка Кыргызстан, Орусия, Армения, Казакстан, Грузия, Тажикстан жана Өзбекстандан барган командалар катышкан. Орусияда өткөн сынакта жеңүүчүлөргө 25 миң доллар ыйгарылып, Барселонада өтө турган эл аралык сынакка жолдомо берилди. Аталган сынактын финалы 21-февралда Испанияда өтөт. Анда дүйнөнүн булуң-бурчунан миңдеген стартап долбоорлор биринчилик үчүн ат салышмакчы.

Өз унутуп, өзгө баалаган таланттар (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:09 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG