Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Бала багып алуудан сатып алуу оңойбу?


Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн комиссия Бишкекте Жаңы жылдын түнүндө болгон бала сатуу окуясын териштирүүгө киришти.

Жыл жаңырган түнү Бишкекте бир үй-бүлөнүн ымыркай баласы чарчап калып, текшере келгенде анын шаардагы төрөт үйлөрдүн биринде иштеген дарыгерлери тарабынан сатылганы ачыкка чыгат. Азырынча шаардын милициясы тергөө кызыкчылыгы үчүн бул кылмышка шектүүлөрдү ачык айтпай жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин колунда да так маалымат жок. Аталган министрликтин басма сөз катчысы Света Байтикова ошентсе да бала сатуу окуясын териштирүү-текшерүү үчүн комиссия түзүлгөнүн “Азаттыкка” ырастады.

Төрөт үйдө энеси таштап кеткен бала сатылган окуя боюнча Бишкекте үч-төрт жыл мурда бир ызы-чуу чыккан. Анда аман-эсен көз жарган эненин баласын өлдү деп алдап алып сатып жиберген дарыгерлер кармалган. Анын арты кандай бүткөнү бүдөмүк бойдон калган.

Соңку окуядан кийин балдардын укуктарын коргогон уюмдар төрөт үйлөрдө балдарды сатуу көп кездешкен тымызын коррупциялашкан кылмыш экенин айтып киришти. Көрсө, адатта бала сатканы да, сатып алганы да унчукпай калса эч кимге билинбей кала берет экен. Бишкекте болгон окуяда ымыркай чарчап калгандан кийин ал сатып алынган бала экени билинип калыптыр.

Бишкектеги “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы” уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекова мыйзамдуу жол менен бала багып алуу абдан машакатташкан жана коррупциялашкан иш болгондуктан, адамдар төрөт үйүндөгү дарыгерлерге көп кайрыларын айтты, анткени маселе бул жакта тез, оңой жана арзан чечилет экен.

- Мыйзам чегинде бала багып алабыз деген каалоосу менен барган адамдарга мамлекеттик органдар жардам беришпейт. Мунун себеби биринчиден коррупция. Бала асырап алгысы келген адамдардан акча талап кылышат. Эмне үчүн төрөт үйүнөн сатып алып жатышат баланы. Анткени биринчи колдон деп арзан түшөт. А мекемелерге өтүп кеткенден кийин баланын баасы кымбаттайт,-деди Назгүл Турдубекова.

Балдардын укуктарын коргоо уюмунан алынган дарек боюнча биз бала багып алам деп көптөн бери чуркап жүргөн келин менен байланыштык. Ал аты-жөнүн айтпоону суранды, бирок төрт жылдан бери толтура документ топтоп, нечен жолу кайрылса да мыйзамдуу жол менен бала асырап алуу аракети ишке ашпай жатканын кейип айтып берди:

- Процесс эмне үчүн жылбай жатканы түшүнүксүз. Биз биринчи жылы керектүү документтерди бүт топтодук. Үйүбүздү келип текшеришти. Биз Беловодскиге барып семинардан окуп да келдик, бала багып алышса болот, ата-эне боло алат деген диплом да алдык. Тийиштүү жерге арыз бердик. Бирок маселе жылган жок. Кайра документ жыйнап, кайра кайрылдык. Кайра комиссия келип, үй-шартыбызды текшеришти. Бирок дале иш ордунан жылган жок.

Өз кезегинде мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бала багып алууда жасалма тоскоолдук көп деген сөздөрдү четке кагышууда. Бишкектин 1-май райондук акимчилигинин үй-бүлө, баланы коргоо иштеринин башкы адиси Венера Давлетбакова ден-соолугу таза, акыл-эси ордунда, колунда бар, мурда соттолбогон жарандарга бала багып алууда эч кандай тоскоолдук жок деп билдирди.

Ошентип сатылган баланын окуясын чукуса төрөт үйлөрүндөгү көйгөйлөр, мамлекеттик уюмдардагы тоскоолдуктар жана коррупциялык көрүнүштөр чубалып чыкчудай. “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы” коргоо уюму төрөт үйлөрдөгү баласын таштап жаткан энелерге укуктук-социалдык жардам көрсөтүү, таштанды балдарды багып алуудагы тоскоолдуктарды жоюну, мыйзамдарды кайра карап чыгууну жана балдардын укуктарын коргоо маселесине мамлекет тарабынан орчундуу көңүл бурууну талап кылууда.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG