Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Түркүн түстүү Баткен


Баткен. Күрүч талаасы
Баткен. Күрүч талаасы

“Азаттык+” бул жолу Баткенге сапар тартты. Берүүдө өмүрүн тобокелге салып жер астынан нан таап жегендер, айтылуу ак турпак күрүчүн тазалоо жана даярдоо процессин, килем согуп миллионер болгон айымдын баянын көрө аласыздар.

Баткенде күрүч жыйноо маалында жолдун жээги кырманга айланып калат. Топонунан тазаланган шалыны кургатууга эң ыңгайлуу жер- асфальтталган жол. Облус боюнча 2,5 миң гектардай күрүч айдалып, 7 миң тоннадан ашык түшүм жыйналат.

Ак-Турпак айылынын тургуну быйыл үй-бүлөсү менен күрүч айдаган. Июнь айынын башында эккен шалысын оруп, 10-15 күн топтоп коюп, анан комбайнга салат. Азырынча күрүчтү оруп-жыйноо - кол менен жасалчу жумуш.

Түркүн түстүү Баткен (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:19 0:00

Баткен облусунун аймагында 20дан ашык көмүр шахталары болсо, анын дээрлик 90 пайызы жеке менчик. Бир жылда облус боюнча 200 миң тоннадан ашык көмүр өндүрүлөт. Жалпы казылган көмүрдүн 30 пайыздайы облус калкын көмүр менен камсыздайт. Калганы негизинен Тажикстанга жана Ош, Жалал-Абад облустарына сатылат.

Түркүн түстүү Баткен (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:39 0:00

Кыргызстандын башка аймактарында Баткендегидей килем согулбайт. Анан калса Баткендин килемдери сапаты жагынан да кескин айырмаланат. Аймактагы айрым үйлөрдөн жүз жыл мурда согулуп, азыр да боёгу өчпөгөн, баштапкы сапатын жоготпогон килемдерди кезиктирсе аласың.

Айтмакчы, Баткенде турмушка чыгып жаткан кыздын бир жүл килеми, дагы бир түксүз килеми даяр болушу керек. Ансыз кызды күйөөгө узатууга болбойт.

Түркүн түстүү Баткен (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:24 0:00


Килем токууга көпчүлүк жумушсуз аялдар каражат табуунун булагы катары карашат. Айткандай эле төрт-бештен чогулуп, 15 күн тынбай токуган килемин 20 миң сомдун тегерегинде базарга сатышат. Биздин каарманыбыз көбүнесе үйгө буйрутмаларды алгандыктан, анын үйү кадимки килем жармаңкесине айланган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG