Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Баткенде мунайдын жаңы кору табылды


8-майда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында кытайлык компания Баткен облусунун Бүргөндү аймагынан мунайдын жаңы корун тапканын жарыя кылды.

Алар табылган кордун көлөмү чоң экенин билдиришүүдө. Кыргызстан мунай, күйүүчү май жана көгүлтүр отун боюнча башка мамлекеттерге көз каранды.

Кыргызстанда катталган кытайлык “Чжуннен” компаниясы 2007-жылы Баткен облусундагы Бүргөндү аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат алса, кийинчерек “Баткеннефтегаз” ААКсын да толук сатып алган.

Компаниянын башкы деректири Ту Синвандын айтымында, алар чалгындоо иштериндеги алгачкы ийгиликтерди көрө баштады. Бирок ал үчүн компания 11 миллион доллар каражат жумшаган.

- Азыркы учурда “Чжуннен” компаниясы Баткен облусунда чалгындоо иштерин жүргүзүп, кандайдыр бир ийгиликтерге жетишти. 2011-жылдын июл айынан тарта кытай адистери тарабынан мунай казуу-чалгындоо иштери жүрдү. Ага ылайык, эки мунай кудугунан карамайдын алгачкы баррелдери алынды. Ал эми дагы эки кудуктагы иштер зор үмүт жаратууда. Биздин компания быйыл дагы 11 миң чарчы аянтка чалгындоо иштерин жүргүзүүнү пландап жатат. Мындан сырткары жакында онго чейин мунай кудуктарын орнотууну, жергиликтүү элден 600дөй адамды жумушка тартууну көздөп жатабыз.

Компания келечекте жүздөн ашуун мунай кудуктарын орнотуп, "жылына 10 миңдеген тонна карамай алабыз, Баткенге мунайды кайра иштетүүчү завод курабыз" деп ишендирүүдө. Бул компаниянын негизги акционери - Кытайдагы ири мунай иштетүүчү “Янчан” корпорациясы.

Бүргөндү демекчи...

Ал эми мунайдын жаңы кору буга чейин мунай казылып келе жаткан Баткендин Бүргөндү аймагынан табылган. Аталган компаниянын геологу Космосбек Мадимаровдун айтымында, бул аймакта 2000-жылдарга чейин өзбекстандык компаниялар иштеп, бирок кендин запасы азайып кетти деп кетип калган.

Бүргөндүдө ушул тапта да өзбекстандык компаниялар мунай жана газ сордуруп алышат. Ал жайларды биротоло Кыргызстанга өткөрүп алуу боюнча бир канча ирет сөз болуп, бирок ишке ашпай келүүдө. Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевдин айтымында, ал боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, өкмөттө иштер жүрүп жатат.

Ал эми Шадиев Кыргызстан өзүнө керектүү болгон күйүүчү майдын болгону 11 пайызын гана өндүрүп, калганын сырттан ташып келерин, башка мамлекеттерге көз каранды экендигин билдирди. Анын белгилешинче, Кыргызстанда мунайдын 290 млн тонналык болжолдуу кору бар.

- Булар биринчи жана экинчи кудуктардан мунай чыкты деп айтып жатат. Ал кудуктар анчалык терең эмес жерден чыккан, бул абдан жакшы көрсөткүч. Үчүнчү жана төртүнчү кудуктарда да жакшы көрсөткүчтөр бар экен. Бирок бүгүнкү күндө канча көлөмдө өндүрүлөт, кайсы жактан иштетилет деген маселе али көтөрүлө элек. Азырынча мунай табылды, аны эми Кыргызстандын пайдасы үчүн иштетиш керек.

Инвесторлорго талап көп

Ал эми кытайлык компанияларга Кыргызстанда бир кылка көз караш жок. Кытайлык инвесторлор негизинен жер астындагы байлыктарга каражат салууга кызыкдар. Бирок алар адатта экологиялык жана башка милдеттемелерди аткарбайт деп, жергиликтүү тургундардын жана айрым коомдук уюмдардын сынына кабылып келет.
Эки мунай кудугунан карамайдын алгачкы баррелдери алынды. Ал эми дагы эки кудуктагы иштер зор үмүт жаратууда.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров эгер кытайлык мунай казуучу компания өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоо менен иш жүргүзө турган болсо, аларга колдоо көрсөтүү керектигин белгиледи.

- Биздин мамлекетибиздин мыйзамы менен жашап, мыйзамдарыбызды сыйлап, бюджетке пайда келтирсе, алар мамлекет тарабынан сөзсүз колдоо табат. Мындан сырткары, өкмөт инвесторлорго элдин кызыкчылыгын көздөп, өлкөнүн келечегин ойлоп, мамлекет тарабынан мыйзамдын чегинде колдоо көрсөтүшү керек.

Ал арада, 8-майда Геология жана минералдык ресурстар агенттиги Нарындагы Бучук кенинде геологиялык иштерди жүргүзүп жаткан Jhoning ji Mining compani ишканасына комиссиянын корутундусуна чейин убактылуу иш жүргүзүүнү токтото туруу катын жиберди. Буга “Кыргызстан жаштар кеңеши” коомдук уюмунун кытайлык инвесторлор экологиялык мыйзамдарды сактабай жатат деген кайрылуусу себеп болгон.

XS
SM
MD
LG