Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Николас Виум: Зардалы - чакан бейиш экен


Николас Виум
Николас Виум

Баткендин алыскы Зардалы айылына ат арытып, жол карытып Франциядан фотожурналист Николас Виум келди.

Франциялык фотожурналист Николас Виум Баткендин Зардалысында болуп, ааламдашуудан обочо турган бул айылдын туристтик мүмкүнчүлүгү кеңири экенин "Азаттыкка" курган маегинде айтты.

Николас Виум: Бул тарапка улуттук өзгөчөлүктөрдү сүрөт аркылуу чагылдыруу максатында келдим. Эң башкысы токойлордун биотүрдүүлүгүн кантип сактап жатышат, аларды улуу муун жаштарга кандай өткөрүп берүүдө деген суроолорго жооп издедим. Айрыкча бир топ кылым жашаган өрүк бактарына кам көрүүдө кандай аракеттер жүрүп жатканы, карылар өз тажрыйбаларын жаштар менен кантип бөлүшөрү кызыктырды.

Мына ушуларды сүрөткө, тасмага тартуу менен кийинки жылы атайын көргөзмөлөрдү уюштуруу максатым бар. Ушул четки айылдарда адамдардын токойго болгон мамилесин чагылдыргым келет. Айрыкча өрүк бактарына жасалган кылдат мамилени иликтеп жатып Зардалыга келип калдым. Кичинекей бейишти элестеткен айыл экен.

Өрүк кургаткан аял
Өрүк кургаткан аял

"Азаттык": Эми ушул чакан айыл кандай өзгөчөлүгү менен эсте кала тургандай болду?

Николас Виум: Зардалыга келүү үчүн жалгыз аяк жол менен кооптуу жерлерден өттүм. Чынында өзгөчө сезим калды. Ошол опурталдуу жалгыз аяк жол менен баса берип чакан, жапжашыл болгон айылга туш келдим.

Анан да бул жерде жашаган адамдар мээнеткеч, иштерман, кабагым-кашым дебей жашоо үчүн күрөшкөн, маанайы жарык болоруна күбө болдум. Меймандостугу, ак көңүлдүгү өзгөчө таасир калтырат экен. Зардалыда өрүктүн карт дарактары сакталып калыптыр.

"Азаттык": Кайра барганда досторго ушундай айылда болгонуңузду айтып, бул жакты көрүп кетүүнү сунуштайт белеңиз?

Николас Виум: Мен досторума Кыргызстан, анын ичинде Зардалы тууралуу айтам. Чыгынып келип көрүп кетүүнү сунуштайм. Бирок андан мурда бул жердин калкы келген туристтерди күтүп алууга даярбы, күнүмдүк тириликтерине тоскоолдук жаратпайбы, алар үчүн четтен келген кишилердин зыяны тийбейби - мына ушул жагын изилдөө керек.

Николас Виум
Николас Виум

Зардалы айылынын жашоочулары өтө меймандос. Анан четтен киши келсе бул тоо арасындагы өзгөчө айылдын тирилигине тоскоолдук жаратса, ал жакшы эмес.

Кыргызстандын туризм жаатында мүмкүнчүлүгү өтө кенен экен деп ойлоп калдым. Бир келген киши дагы келип кетүүгө куштар болот.

Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө бирден бир салым кошо турган - бул маалымат. Ушунча убакыт ичинде Кыргызстанга туристтерди тартуучу, аларды кызыктырган, негизги суроолорго жооп бере турган атайын карталар, туристтер үчүн шарттар камтылган маалыматтар топтомун табуу оңой эмес экенин билдим. Бул үчүн атайын сайттар керек. Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү өтө кенен. Аны туура пайдалана гана билүү гана керек.

XS
SM
MD
LG