Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:05

Үрүмчүдөгү бутбол жана виза көйгөйү


Учурда Кытайдын Шинжаң аптономиялуу районунда бир жарым же эки миңге жуук кыргызстандык бар. Анын көп бөлүгү Үрүмчү шаарында турушат.

Үрүмчү шаарындагы спорт залдардын биринде кыргыз жаштары арасында Нооруз майрамына арналган бутболдук мелдеш өттү. Аны Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин Үрүмчүдөгү визалык бөлүмү уюштурду. Иш-чара башкармалыктын Үрүмчүдө уюштурган алгачкы спорттук мелдеши болуп эсептелет. Визалык борбордун жетекчиси Азат Эркебаев мелдештер мындан ары да шартка жараша уланаарын, анын максаты Үрүмчүдө окуп, иштеп жаткан кыргызстандык жана кытайлык кыргыздар арасындагы достук мамилени чыңдоо экенин билдирди:

- Жадыраган жаз айынын кирип келиши менен Нооруз майрамына утур өткүзүлүп жаткан бул мелдеш Үрүмчүдө жашап жаткан кыргызстандык жарандарды жана кытайлык кыргыздарды баш коштуруп, чогулталы деген максатта уюштурулган достук таймаш. Бул биринчи жолу өтүп жаткандыгына байланыштуу көп командалар катышпады. Мындан ары да ар кандай майрамдарга мындан да көбүрөөк командалар катышкан иш-чараларды уюштурабыз деген ойдобуз.

Мелдешке жалпысынан төрт команда: визалык борбордун, Үрүмчүдөгү кыргызстандык жарандардын, Шинжаң университетинин жана Шинжаң педагогика университетинин топтору катышты.

Мелдештин соңунда мыкты команда жана ойунчуларга сыйлык тапшырылды.

Үрүмчүдө Кыргызстандын визалык борбору 2004-жылдан бери иштеп келет. Азат Эркебаев борбордун максаты кытай-кыргыз мамлекеттеринин ортосундагы достукту күчөтүү, эки өлкө ортосундагы мамилелерди тыгыздаштыруу, айрыкча соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү экенин айтат:

- Биздин эң негизги иштерибиздин бири Кытайдын жарандары, айрыкча Шинжаңда турган жарандардын Кыргызстанга тоскоолдуксуз катташына шарт түзүп берүү, андан тышкары бул жакта 180 миңдей кандаштарыбыз, бир боордошторубуздун жашап жатканы да бизге маалым. Ошолор менен да алакаларыбызды койуулатуу, алардын Кыргызстанга барып саякаттоо, тууганчылоо жана окуп, билим алуусу боюнча жеңилдетилген мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу.
Жакынкы жылдарда кытайлык кыргыздар үчүн Кыргызстанга виза ырасмий чакыртуусуз эле берилип келген. Быйыл жыл башынан баштап бул артыкчылык күчүнөн кетип, башка улуттардай эле кытайлык кыргыздар да Кыргызстанга чакыртуу менен гана виза ала турган болгон. Мунун себебин Азат Эркебаев кыргыз парламентинин жакында чыгарган мыйзамы менен байланыштырды. Бирок анын айтымында, жакын арада виза үчүн чакыртуу алдыруу талабы кытайлык кыргыздар үчүн жокко чыгып калышы да мүмкүн.

Бектур Илияс,
Үрүмчү, 2013-жылдын марты


P.S. Автордун жазуу стили сакталды

XS
SM
MD
LG