Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16

"Берлинале": Борбор Азиядан бир да фильм жок


Иранда тартылган "Ажырашуу" - "Берлиналенин" 2011-жылдагы башкы жеңүүчүсү.
Иранда тартылган "Ажырашуу" - "Берлиналенин" 2011-жылдагы башкы жеңүүчүсү.

Бүгүн Германияда дүйнөдөгү эң абройлуу кинофестивалдардын бири – "Берлинале" - ачылат. 10 күндө жалпысынан 400 ашуун фильм көрсөтүлмөкчү.

Фестивалдын конкурстук программасында 18 тасма бар. Дал ушул фильмдер быйыл алтын жана күмүш “аюулар” үчүн күрөшөт. Аюулардын статуэткасы – “Берлинале” кинофестивалынын негизги байгелери.

Быйыл 62-жолу өтө турган Берлин кинофестивалын “Кош бол, менин канышам” аттуу тасма ачмакчы. Француз кинорежиссеру Бенуа Жаконун бул фильми - фестивалдын конкурстук программасындагы “Алтын аюу” үчүн күч сынашып жаткан 18 тасманын бири. Немис актрисасы Диана Крюгер анда Людовик XVIнын жубайы Мария-Антуанеттанын ролун ойногон.

Бир маанилүү нерсе – соңку жылдары бул фестивалдын деңгээли түшүп кеткени тууралуу айтылып жаткан. Бирок былтыр анда жеңген ирандык режиссер Асгар Фархадинин “Ажырашуу” деген фильми жакында эле Лос-Анжелесте “Алтын глобусту” утту, быйыл “чет-өлкөдө тартылган мыкты фильм” катары” “Оскар” сыйлыгына да ат салышаары айтылууда.

Дүйнөдө “А” классындагы кандай гана фестиваль болбосун, анын деңгээли фестивалга келе турган ардактуу коноктордун тизмесинен да байкалат. Маселен, быйыл Берлин фестивалына белгилүү актрисалар Мэрил Стрип, Анжелина Жоли, Скарлет Йохансон, андан сырткары Роберт Томас Паттинсон жана башкалардын келээри күтүлүүдө.

Фестивалдын уюштуруучулары бүгүн билдиришкендей, айрым фильмдерге билет калбай калган.

“Тигил же бул фильмге билеттер ал көрсөтүлгөнгө үч күн калганда сатыла баштайт. Биздин фестиваль 10 күнгө созулгандыктан, азырынча кээ бир тасмаларга билет сата элекпиз. Бирок сатыла баштаган фильмдердин айрымдарына калбады”, - деди “Азаттыкка” сүйлөгөн уюштуруучулардын бири.

Тилекке каршы, быйыл Кыргызстан эмес, жалпы эле Борбор Азиядан бул абройлуу киносынакка бир да тасма катышпайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыргызстандык киносынчы Гүлбара Төлөмүшева кабарлады.

“Кыргызстанда жергиликтүү кинорежиссерлор “быйыл бизде көп тасма тартылды” деп мактанып жатышканы менен, алардын бири да мазмундук, көркөмдүк жагынан баалуу деп эсептелинбейт. Соңку бир жылда тартылган толук метраждуу фильмдердин баары эле ички рынокко, өзүбүздүн эле көрүүчүгө ылайыкташкан. Фестивалдарга мындай тасмалар эч качан алынбайт, - деди киносынчы Гүлбара Төлөмүшева. - Тилекке каршы, быйыл Кыргызстандан бир да фильм “Берлиналеге” катышпайт. Бирок келерки жылы бизден сөзсүз анда көрсөтүлө турган фильм жаралат деп үмүттөнүп турабыз. Анткени бир топ атактуу режиссерлорубуздун жаңы тасмалары чыкканы турат. Актан Арым Кубат, Нурбек Эген, Марат Сарулунун жаңы тасмаларын күтүп жатабыз".

Кыргыз режиссеру Төлөмүш Океевдин “Кожожаш” фильми 1985-жылы Берлиналеде “Күмүш аюуну” утуп алган.

2005-жылы Эрнст Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү” тасмасы бул фестивалдын конкурстук эмес “Панорама” программасынын алкагында көрсөтүлгөн. Ошондон бери кыргыз тасмалары ал жакта көрсөтүлгөн эмес, бирок бир нече жолу жаш кыргыз режиссерлору Берлин кинофестивалынын алкагындагы мектепке катышканы белгилүү.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG