Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Генерал Бубель өлүк сатканбы?


Генерал Григорий Бубель 90-жылдардын соңунда Кыргызстандын түрмөлөрүн башкарып турган.
Генерал Григорий Бубель 90-жылдардын соңунда Кыргызстандын түрмөлөрүн башкарып турган.

Кыргызстандын түрмөлөрүнөн бир канча жыл мурда кишилердин сөөгү сатылышы боюнча жазып чыккан оппозициялык маанайдагы “Деньги и власть” гезити жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы менен соттошууда.

Мындан улам аталган гезиттин жамааты Кыргызстандагы сөз эркиндиги кысымга алынып жатат деген ураан менен 5-майда каршылык акция өткөрдү.

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында өткөн каршылык акциясына 50гө чукул журналист катышты. Алар бир ооздон Кыргызстанда журналисттерге каршы ар кандай чабуулдар башталганын айтып, расмий бийликке нааразы болушту. Акция соңунда парламент тарабынан 3 окууда кабыл алынган жалган билдирүү үчүн журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартчу мыйзам долбооруна, сөз эркиндигин чектөөгө жана “Деньги и власть” гезитинин үстүнөн жүрүп жаткан сот жараянына каршы кол топтолду.

Акциянын уюштуруучусу, “Деньги и власть” гезитинин редактору Турат Акимов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы генерал Григорий Бубель менен болуп жаткан соттук териштирүүну мындайча түшүндүрдү.

- Бубель биздин гезитти адамдык аброюма шек келтирди деп сотко берип, 1 млн. доллар доо коюп жатат. Бул деген күлкү келерлик нерсе. Мен бул акчаны теримди сыйрып, башымды алса да төлөп бере албайм. Негизи бизди сотко берүүгө эч кандай негиз жок. Анткени биз Григорий Бубелдин бир тууганы Максим Корсаковдун интернетке чыгарган китебиндеги маалыматты гана гезитке басып чыкканбыз. Корсаков китебинде Бубель Акаевдин убагында түрмөлөрдүн башында турганда 300 өлүктү чет өлкөгө саткан деп жазган.

Журналисттер митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00



Григорий Бубель деген ким өзү?

Сөз болуп жаткан Григорий Бубель менен да, анын жактоочусу менен да байланыша алган жокпуз. Ал жөнүндө интернет булактарында да негедир так маалыматтар аз. Айрым маалыматтарга таянсак, Бубель Кыргызстандын жараны жана ушул тапта Бишкекте жашайт. 90-жылдардын башында Ички иштер министринин биринчи орун басары, кийин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болуп иштеген.

Акимовдун тастыкташынча “Кыргызстан үчүн манифест”, “Тымызын ачарчылык” деген китептерди интернетке жарыялаган Максим Корсаков аттуу автор Григорий Бубелдин кандаш бир тууганы болуп саналат. Анын чын аты Михаил Бубель, учурда Америкада жашайт. Корсаков жогоруда аты аталган китебинде Бубель түрмөлөрдү жетектеп турган 90-жылдардын соңунда Кыргызстандын түрмөлөрүнөн 300дөн ашык эркинен ажыратылгандардын өлүгү Германиядагы доктор Гюнтер фон Хагенске сатылганын жазат. Бул китептердин жарык көрүшүнө ошол кездеги эки бир тууган ортосундагы араздашуу себеп болгон.

Маалыматтар боюнча, Бубелдер азыр жакшы ымалада. Турат Акимов болсо ошол китептеги үзүндүнү гезиттин 2012-жылдын 8-июнундагы санына басып чыгарат. Макала жарык көрөрү менен Григорий Бубель “Деньги и власть” гезитин сотко берет жана Свердлов райондук соту моралдык чыгым үчүн 1 млн. доллар айып пул чектейт.

- Корсаковдун китеби интернетте илинип турганына 8 жылдай болгон. Ага эч ким тыюу салган эмес. Чет өлкөлөрдө саналуу нускада гана басылып чыккан. Бубель өзү чириген бай киши. Ал соттордун баарын сатып алган. Ошондуктан сот жараянына эки жылдан бери чекит коюлбай келатат. Мен билгенден “Чаар ат” деген алтын комбинаты, Ысык-Көлдө бир канча пансионаты бар. Убагында Бакиевдин, Наделдин, Гуревичтин күлүк аттарын баккан. Швейцарияда эсептери бар, бир баласы Америкада бизнес менен шугулданат. Кыскасы сотторду сатып эле алат, - дейт гезиттин редактору.


“370тей сөөк 10 доллардан сатылган”

2000-2005-жылдары парламентте депутат болуп турганда түрмөлөрдөгү өлүк сатуу чуусун иликтеген Акбөкөн Таштанбеков менен байланыштык. Анын айтымында Григорий Бубель түрмөлөрдү жетектеп турган 1995-2003-жылдары жалпысынан 370ге жакын сөөк Германиядагы доктор Гюнтер фон Хагенске ар бири 10 доллардан сатылган. Таштанбековдун ырасташынча ушул чуунун негизинде Бубель, Медициналык академиянын ошол кездеги ректору Искендер Акылбеков баштаган бир катар адамдар кызматтан алынган. Ошол кезде өлгөн адамдын сөөгун сатуу мыйзамда каралбагандыктан күнөөлүүлор кылмыш жоопкерчилигинен оңой-олтоң кутулуп кетишкен. Бул окуялар 95-жылы башталса да 2003-жылы гана ачыкка чыккан.

- Биз иликтегенде түрмөлөрдөн 360-370 өлүк сатылганы тастыкталган. Пластинацияга кеткен өлүктөр да болгон. Бирок алар негизинен бизнес кылышкан. Бир суткада колго тийип калган таза өлүктөрдү музейлерге сатышкан. Аялдардын сөөгү 35 миң, эркектердики 20 мин евродон кеткен. Биз текшергенде ден соолугу таза туруп эле сатылган өлүктөр да чыккан. Аны уккан туугандары оору жугат деп өлүкканадан сөөктөрдү коркуп алышкан эмес. Атууга кеткендерди да ошондой кылышкан. Ал учурда Медициналык академияда пластинация борбору бар болчу. Бардык ишти ошол жерден жасашкан. Сөөктөр бир гана түрмөлөрдөн эмес, Чым-Коргондогу психикалык ооруканадан да жөнөтүлүп турган.

Мындан эки жыл мурда башталган “Деньги и власть” гезити менен Григорий Бубелдин ортосундагы ишти болсо Жогорку Сот кайрадан кароо үчүн райондук сотко жөнөткөн. Кийинки сот жыйыны 20-майда Сверлов райондук сотунда болот.

XS
SM
MD
LG