Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:46

Бишкектеги жардыруудан эки адам мерт кетти


Сүрөт архивден алынды жана окуяга тиешеси жок
Сүрөт архивден алынды жана окуяга тиешеси жок

Бишкектеги мебелдик цехтердин биринде жардыруу болуп, анын кесепетинен эки адам каза болду.

Алдын-ала иликтөөнүн жүрүшүндө эки адамдын ортосундагы чырдан улам, жардыруу Ф-1 гранатасын колдонуудан чыккан. Учурда аталган цехтин каржылык ишмердиги жана чырдашууну жардырууга айлантууга негиз болгон жагдайлар иликтенүүдө. Ошол эле кезде ички иштер органдары Бишкектин эки жеринен граната, ок-дары жана курал жарак табылганын жарыялады.


Жардыруу кандайча болду?


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 25-сентябрда эртең мененки саат ондор чамасында Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан “Платонов” деген аталыштагы мебелдик цехтин имаратынын экинчи кабатында жарылуу болгон. Анын кесепетинен аталган ишкананын башкы эсепчиси жана мастер каза тапты. Иликтөөнүн жүрүшүндө башкы эсепчинин иш бөлмөсүндө Ф-1 гранатасы жарылганы аныкталган.

Тергөө иликтөөнүн алдын-ала жыйынтыгына таянуу менен аталган жардырууга мастер менен башкы эсепчинин ортосундагы каржылык маселе себеп болгон деген версияны карманууда. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов буларга токтолду:

- Бул жерде башыкы эсепчи менен мастердин ортосундагы буга чейин эле чечилбей келген каржылык талаш-тартыш болуп келгени белгилүү болду. Мастер башкы эсепчинин иш бөлмөсүнө кирип, анын жардамчысын чыгып туруусун суранып, ал чыгып кеткенден кийин бир нече мүнөттөн кийин эле жардыруу болгон. Мына ошол граната кандайча ал адамдын колуна тийип калганы учурда иликтенүүдө. Ошондой эле жардырууга чейин алып барган чатактын түпкү себептери тергөө жыйынтыкталганда белгилүү болот.

Тасмада: жардыруу болгон жерде

Жардыруудан эки адам мерт кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00



"Асылган мылтык атылат"


Ошол эле учурда 24-сентябрь күнү болжол менен эртең мененки он бирге чукул Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүнүн 26-үйүнүн артынан ички иштер органдарынын онунчу башкармалыгынын кызматкерлери ак түстөгү шектүү мүшөк табышкан. Анын ичинен 12-калибрдеги ок атуучу курал алынган. Андан бир күнү мурун Жал кичи районундагы Курчатов көчөсүндөгү арыктын боюнан кара пакет табылган. Анын ичинде Калашников автоматынын 48 огу жана белгисиз маркадагы бир граната болгон. Учурда ички иштер органдары жардырылган жана табылган гранаталар каяктан алынгандыгын иликтөөдө.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев Кыргызстанда курал-жарак менен ок-дарынын көмүскө базары өркүндөп кеткенин белгиледи:

- Жер-жерлерден курал-жарак, ок-дары же граната табылып жатканы кооптуу жагдай. Анын бирден-бир себеби эле 2010-жылы 7-апрелде жана июнь айында жоголгон курал-жарактардын кайсы бир бөлүгү кызыкдар адамдарда дагы деле сакталуу турат. Анан эми асылган мылтык атылат демекчи аны кайсы бир адамдар өздөрүнүн тар кызыкчылыктары үчүн колдонуп жатат. Укук коргоо органдары мына ошол жоголгон курал-жарак жана ок-дарыны кайра чогултуп алууда чабалдык кылды.

Граната жарылган мебелдик цехтеги кандуу окуя боюнча ички иштер министрлигинин, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Ленин райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүүдө. Учурда гранатага жарылган мебелдик цехтин эки кызматкеринин өздүгү аныкталган. Гранатаны иш бөлмөгө көтөрүп кирди деп шектелген славян улутундагы каза тапкан эркек киши 43 жашта, ал эми цехтин башкы эсепчиси 41 жашта болгон.

XS
SM
MD
LG