Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Июнь коогасын бардык аймактар эскерди


Бишкектеги эскерүү чарасынан, 10-июнь.
Бишкектеги эскерүү чарасынан, 10-июнь.

Эки жыл мурдагы июнь коогасынын курмандыктары Ош, Жалал-Абаддан сырткары өлкөнүн башка аймактарында жана Бишкек шаарында да эскерилди.

Бишкектеги эскерүү иш-чарасына премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Бишкектин мэри Иса Өмүркулов, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Эскерүү маалында сүйлөгөн сөзүндө өкмөт башчы буларды белгиледи:

- Биз канчалык кыйын күндөрдү баштан өткөрсөк да, мээримин жана боорукерлигин жоготпогон кыргызстандык деген ыйык атты бийик тутушубуз керек. Биз баарыбыз бир мамлекеттин жарандарыбыз. Биздин көздөгөн максатыбыз менен тилегибиз бир, ал – тынчтык жана өнүгүү.

Андан соң куран окулуп, курман болгондорду үн чыгарбай эскеришти. Эски аянтка толгон эл бири-бирин ынтымакка чакырды.

Июнь окуясы Баткен облусунун район-шаарларында да эскерилди. Кызыл-Кыянын мэри Абиш Калмурзаевдин айтымында, бул шаардагы эскерүүгө 200дөй киши келди:

- Бүгүнкү эскерүү иш-чарасына шаар тургундары, айыл өкмөттөрдөн адамдар, аксакалдар, шаар жетекчилери келишти. Шаардын сейил багы болсо жакыр жашагандар жана балдар үчүн бекер иштеди, бекер балмуздак таратылды. Негизги коногубуз - карыялар болду, аларга сый тамак бердик.

Ысык-Көлдөгү эскерүү тууралуу облустук администрациянын басма сөз катчысы Назира Мукамбетова буларды айтып берди:

- Караколдо драм театрда өткөн эскерүүгө татар, орус, өзбек сыяктуу ар улуттун өкүлдөрү келди. Каракол негизи көп улуттуу шаар. Район, айылдардын өзүндө да уюштурулду. Куран окулуп, үнсүз эскерүү болду.

Ушундай эле эскерүү-реквиемдер Талас, Нарын облустарында да болуп, чогулгандар элди ынтымакка, тынчтыкка үндөштү.

Талас облусундагы кабарчыбыз эскерүүгө расмий инсандардан сырткары 200дөй адам келгенин билдирди. Ал эми Нарын облусунун губернаторунун орун басары Чынара Абдраимакунова эскерүү иш-чарасындагы негизги сөздөр тилектешикке арналганын айтты.

- Бардык райондордун борборлорунда, айылдарда эскерүү митингдери өттү. Ош окуяларына күбө болуп, катышып келгендер сөз сүйлөдү. Чыгып сүйлөгөндөр бири-бирин жакшылыкка үндөштү.

Июнь окуясы Ошто 2010-жылы 10-июндун кечинде тутанган. Расмий эсеп боюнча, бул каргашада төрт жүздөй адам мерт болуп, эки миңдей киши жабыркаган.

XS
SM
MD
LG