Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Ишенбай Абдуразаков жерге берилди


Ишенбай Абдуразаковду акыркы сапарга узатуу. 25-апрель, 2014-жыл.
Ишенбай Абдуразаковду акыркы сапарга узатуу. 25-апрель, 2014-жыл.

Белгилүү коомдук жана саясий ишмер, дасыккан дипломат, кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири Ишенбай Абдуразаковдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган бийлик адамдары, көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер, жакын туугандары жана Ишенбай Абдуразаковду сыйлаган замандаштары катышты.

“Абдуразаков өтө жөнөкөй адам болгон”

Коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук драма театрында болуп, ага премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган бийлик адамдары сөз сүйлөштү. Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Ишенбай Абдуразаковдон айрылуу кыргыз эли үчүн чоң жоготуу экенин айтып, анын өлкө үчүн жасаган ат көтөргүс эмгектерине токтолду.

- Кыргызстан, бүтүндөй кыргыз эли опол тоодой адамынан ажырап, кайгыга батып турган кез. Ишенбай Абдуразаков тажрыйбалуу дипломат, өзгөчө мугалим жана өтө жөнөкөй адам болгон. Адамдардын жашына кызматына карабай бирдей мамиле кылган. Биз сизди эч качан унутпайбыз жана эсибизде түбөлүк сактайбыз.

Оторбаев Ишенбай Абдразаковдун жакын туугандарына көңүл айтып, анын аты тарыхта алтын тамгалар менен жазылып каларын кошумчалады.


Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Ишенбай маркумдун кара кылды как жарган калыстыгын баса белгилеп, анын өлкө келечеги үчүн жасаган эмгеги айтып бүткүс деди:

- Кандай гана саясий кырдаал болбосун акты ак, караны кара деп калыстыктан тайган жок. Көп ишмерлер жалтанып унчукпай турган учурда да өз позициясын кесе айткандан корккон эмес. Коомубуздагы жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө, Кыргызстандын жаркын келечегине, акырындап калкыбыздын турмушу оңолуп, өнүккөн мамлекет куруларына Ишенбай аба чын дилинен ишенчү.

Маркум менен коштошууга коңшу Казакстандан да дипломатия өкүлдөрү келишти. Казакстандын эмгек сиңирген дипломаты Кайыр Омаров үзөңгүлөшүнүн 80ге чыкпай кете бергенине арман кылды. Ал Ишенбай Абдуразаков менен көп жылдар бою элчилик кызматтарда бирге иштеген.

- Мен Ишенбайдан 4 жаш улуу болсом да курдаш болуп жүрдүк. Жакында эле менин 80 жылдык мааракеме аялы Майрам экөө келип кетишкен. Мен да анын 80 жылдыгына келем деп жакшы үмүт менен жүргөм. Эми минтип анын жаназасына келип турабыз. Маңдайга жазганы ушул экен, кайрат кылгыла.

Баркталбай кеткен Абдуразаков...

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Каптагаев жаштар Ишенбай Абдразаковдун бай тажрыйбасын албай калганын, бийлик анын баркына жете албаганын айтты.

- Ишенбай аба бул жалганда кандай сыпаа жашоо кечирип келсе ошондой эле сыпаа бойдон кете берди. Алдыда жүрсө акжолтой, артта жүрсө сан колдой абабыздан айрылып кабыргабыз кайышып турат. Анткени Ишенбай Абдуразаковичтин топтогон бай тажрыйбасын, жыйнаган билимин, ойлогон терең ойлорун ала албадык, кадырына жетип, барктай да албадык. Бул ачуу чындык. Замандан озуп жаралып, мезгилден ашып жашап кете берди кайран киши.

Ишенбай Абдуразаков 24-апрелге караган түнү, 77 жаш курагында көз жумган.
Ал өмүр бою дипломатиялык кызматтарда, коомдук-саясий уюмдарда иштеп келди. Маркум 1937-жылы Чолпон-Ата шаарында туулган эле. Ишенбай Абдуразаковдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Маркумдун артында жубайы Майрам, эки уулу жана эки кызы калды.
Ишенбай Абдуразаков менен коштошуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:17 0:00

XS
SM
MD
LG