Милиция митингчилерди 15 жолу кармап кеткен...
“Кылым шамы” укук коргоо борбору жарандардын тынч чогулуу укугу боюнча бир жылдык мониторингдин жыйынтыгын чыгарды. Аталган уюм 2013-жылдын октябрынан 2014-жылдын ноябрына чейин өлкө боюнча 378 митингди каттоого алган. Борбордун өкүлү Гүлшайыр Абдирасулова жыл ичинде катталган нааразылык акциялардын 15и милиция кызматкерлери тарабынан үзгүлтүккө учуратылып, митинг катышуучуларынын укугу одоно бузулганын айтууда.
- Быйыл милиция тынч митингдерде 15 жолу катышуучуларды кармап кеткен. 2011-2012-жылдары мындай факт такыр болгон эмес. Тартип коргоо органдары тынч митингге чогулгандарды мыйзамсыз түрдө эле кармап кетишкен. Нааразылык акцияга чыккандарды сотко берүү боюнча төрт факт катталган. Бийлик жана соттор мыйзамдарга каршы келсе да, айрым учурда жарандардын тынч чогулуу укугунан ажыратып келет.
Мониторинг жыйынтыгында коомдук-саясий максатта өткөрүлгөн пикет-митингдердин саны өткөн жылга салыштырмалуу үч пайызга азайса, социалдык-экономикалык көйгөйгө байланыштуу нааразылык акциялар тескерисинче үч пайызга көбөйгөн. Укук коргоочулар жарандардын Баш мыйзамда жазылган эркин чогулуу укугу акыркы убактарда милиция тарабынан көп бузулуп жатканына нааразы. Алар буга пикет-митингдерге катышкандардын мыйзамсыз түрдө милиция бөлүмчөлөрүнө камалышын жана айрым териштирүүлөрдүн сотко чейин жетишин жүйө кармап келишет.
Бир катар нааразылык акциясы үзгүлтүккө учураган “Жаңы муун” саясий кыймылынын мүчөсү Адил Турдукулов милициянын орой мамилеси ИИМ башына Мелис Турганбаевдин келиши менен күчөдү деген ойдо. Айтымында, бийлик социалдык чыңалуудан, элдик толкундоолордон чочулап тынч митигдерге бөгөт коюу аракетинде.
- Милиция акыркы убактарда митингге чыккандардын колу-бутун толгоп, оппозициялык маанайдагы жарандарды ачык эле кысымга алууда. Мындай кысым Турганбаев министр болуп келгенден кийин күч алды. Бийлик 2005-2010-жылдардагыдай тополоңдор болуп кетпесин деп чочулап жатат. Анткени азыр да эл ичинде социалдык-экономикалык чыңалуу бар. Бийликте авторитардык режим жайылып баратат.
“Шумкарлар” кимди коргойт?
Деген менен парламенттеги адам укуктары боюнча комитеттин мүчөсү, депутат Наталья Никитенко митинг-пикетке чыккандар тарабынан стратегиялык жолдор буулганда милиция чогулгандарга каршы күч колдонууга мажбур экенин баса белгилейт.
- Митингге чыккандар стратегиялык жолдорду жапкан учурлар мыйзамга каршы келет. Кыргызстандын аймактарын бириктирген жолдорду бууп салуу башка адамдардын укугун тебелегендик болот. Анткени эл ошол жол менен жан багышат. Кан жолдордо өлүм менен өмүрдүн ортосундагы маселе да болушу мүмкүн. Ошондуктан митингге чыккандар бийликтин көңүлүн буруу үчүн эле башкалардын укугун тебелеген туура эмес.
Байкоочулардын баамында, нааразылык акциялардын азайышына тынч чогулгандарга карата милициянын катаал мамилеси себеп. Айрым укук коргоочулар ИИМ алдында түзүлгөн “Шумкар” атайын полку да тынч чогулган элге каршы колдонулушу мүмкүн деп кабатыр. Тартип коргоо органдары болсо мындай дооматтарды четке кагып, милициянын күчү коомдун коопсуздугунан тыш колдонулбайт деп ишендирип келет.