Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Жер ээлөөнүн жаңы амалы


Арча-Бешик конушунда жол үчүн бөлүнгөн жерге курулган иамарат буздурулду.20-март, 2013.
Арча-Бешик конушунда жол үчүн бөлүнгөн жерге курулган иамарат буздурулду.20-март, 2013.

Бишкек мэриясы жол үчүн калтырылып, бирок шаар тургундары мыйзамсыз ээлеп алган жерлерди кайтаруу аракетинде.

Бишкектин Арча-Бешик конушунун Чортеков көчөсүн 2011-жылы мэрия оңдой баштаганда 130дан ашык үйдүн ээси жер тилкесин жолдун эсебинен 2 метрден 8 метрге чейин мыйзамсыз түрдө кеңейтип алганы аныкталган. Ошондон бери шаар бийлиги мыйзамсыз ээленип калган жерлерди кайтарып алуу аракетин көрүүдө.

Бишкек мэриясына караштуу жеке турак жай курулуш департаментинин бөлүм башчысы Улан Сүйүндүков азыр бул үчүн айрым тургундар менен соттошуп да жатышканын айтат:

- Булардын документ боюнча 8 сотых жери бар. Андан сырткары 2-3 сотых жерди мыйзамсыз түрдө тосуп алышкан. Азыр биз буларга эскертүү кагаздарын берип жатабыз, баш ийбегендер боюнча сотко кайрылдык. Каршы чыккандар да бар. Көпчүлүк дебейм, бир 20 пайыз болот. Алардын иши боюнча кагаздар сотко өткөрүлүп берилди, соттун чечимин күтүп жатабыз.

Тургундар 1 сотоктон 5 соткеге чейин жерлерди кеңейтүүдө.
Тургундар 1 сотоктон 5 соткеге чейин жерлерди кеңейтүүдө.
Департаменттин башкы инженери Райымкул Түмөнбаевдин айтымында, астыртан жер ээлеп алуу маселеси шаар ичинде да, анын чеке белиндеги конуштарда да курч турат. 2011-жылы 300гө жакын мындай факт катталса, 2012-жылы 270 болгон. Ал эми бул жылдын үч айга жете бербеген мөөнөтүндө мэрия жерди мыйзамсыз кеңейтип алган 212 фактыны ашкерелеп отурат.

Райымкул Түмөнбаев шаардын айрым тургундары эл жана машинелер өтө турган жолдордон сырткары астынан коммуникация жана канализация түтүктөрү өткөн жерди да өз билгениндей ээлеп, тосуп алып жатканына кейийт:

- Көпчүлүк эл жанында бош жер боло калса эле уруксаты жок баса калып атат. Ал жерде жол болуш керек, тротуар болуш керек. Алар болсо өз участкасына кошуп алып, ал жерге бийик-бийик дубалдарды, тамдарды куруп жатышат.

Мэрия өкүлдөрүнүн үстүрт эсеби боюнча, жарандардын минтип жерди четинен 1ден 5 соткеге чейин ээлеп алышын жалпы эсептегенде жерди массалык басып алууга тете иш болуп жатат.

Эми шаар бийлиги мамлекеттин жерлерин кайтаруу үчүн оболу мыйзам бузгандарга түшүндүрүү кагазын жиберип, андан майнап чыкпаса сотко кайрылып жатат. Бирок натыйжа аз.

Мэриянын маалыматы боюнча, тургундардын көптөрү жерди кайтаруудан тайсалдап жатышат.
Мэриянын маалыматы боюнча, тургундардын көптөрү жерди кайтаруудан тайсалдап жатышат.
Соттун чечимине ылайык, мэрия өзү бузууга укугу жоктугунан, 2011-жылы 300гө жакын факттын 60 гана жоюлуптур; 2012-жылы 270 арыздан 40 чечим аткарылса, быйыл жыл башынан бери 212 мыйзам бузууга байланыштуу 18 чечим аткарылган.

Арча-Бешик конушунда жерин мыйзамсыз кеңейтип, дүкөн салып алган Бактыгүл Шалпыкова мыйзам бузганын мойнуна алып, жол анын дүкөнүнөн маанилүү болгондуктан, соода жайын өзүнүн жеке тилкесине көчүргөн.

- Менин мыйзамдуу тилкем мобу даараткана менен чектелет го дейм, а бирок мурун бул жакта жол жок болчу да, артында болчу. Эми азыр айтты, дароо эле алып жатабыз, себеби мыйзам деген мыйзам да. Жол курулсун албетте. Павильон болсо көтөрө коймокпуз, курулгандан кийин муну бузуш керек. Дүкөн го өзүбүз үчүн, жол болсо эл үчүн, ошол үчүн биринчиси маанилүү да. Жол куруп берип, канализация өткөрүп берсе жакшы болмок, анткени бул жерде маршрутка жүрбөй калган.

Жеке турак жай курулуш департаментинин ырасташынча, азыр бош жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алуу коркунучу аз, бирок жаз ортолоп, күн жылышы менен шаар тургундарынын өз жерине улагалаш тротуарларды жана машине жолдорду кошуп алуу өнөкөтү күчөйт. Мыйзамсыз жер ээлөө аракетине каршы мыйзамда жети жылга чейин жаза айыбы каралган.

XS
SM
MD
LG