Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Аңчылыктагы жемкорлук ачыкка чыкты


Өрттөлгөн акча
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00

"Көрөгөч" рубрикасына келген видео.

Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкери 10 миң долларга жакын пара менен кармалды. Бул окуя аңчылыктагы коррупциянын деңгээлин шардана кылгандай болду.

Ошондон уламбы, аңчылыкка лицензия берүү укугу Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги менен облустук бийлик ортосунда талашка түшүп келатат.

Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин экология бөлүмүн жетектеген Өмүрбек Мусаканов Бишкек шаарынын тургунунан аркар-кулжа жана тоо эчкисине аңчылыкка уруксат берүү үчүн 15 400 доллар пара талап кылган деп шектелүүдө. Ал буга чейин аңчылыкка лицензия берүүчү 11 кишиден турган комиссиянын төрага орун басары болуп иштеп келген.

Өрттөлгөн акчалар

ИИМдин басма сөз өкүлү Эрнис Осмонбаевдин маалымдашынча,колго түшүрүү учурунда Мусаканов пара катары алган 9 500 долларды өрттөгөнгө үлгүргөн. Анын үйүнөн алдын ала даярдалган мыйзамсыз уруксат кагаздарынан тышкары ири суммадагы башка акчалар да табылган.

- Анын үйүн тинтүү учурунда берилген парадан тышкары 39 миң доллар, 10 миң евро жана башка валюталар табылды. Мындан сырткары мыйзамсыз сакталган отуз чакты ок дары жана бир Калашников автоматы алынды. Бир канча мөөрү басылып, алдын ала даярдалган уруксат кагаздары да текшерилип жатат.

Агенттик кызматкерине кылмыш иши козголуп, камакка алынган, бирок ден соолугунун начардыгына байланыштуу деп, сот аны үй камагына чыгарды.

Агенттиктин "эпчилдиги"

Ушул жылдын башында парламент кабыл алган мыйзамга ылайык, аңчылык жана мергенчилик чарбасын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине караштуу Аңчылык департаменти жүргүзүшү керек болчу. Бирок агенттик жетекчилиги аңчылыкка уруксат берүү сыяктуу бул тармактагы негизги укуктарды өзүнө ыйгарып алган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Аңчылык департаментинин башчысы Сулайман Бошкоев билдирди.

- Мен лицензия берген комиссиянын да, жер бөлгөндөрдүн да арасында жокмун. Агенттик бул укуктарды "Бирдиктүү терезе" деген долбоордун негизинде өзүнө алган. Кызматкердин ири суммадагы пара алганын угуп, нес болуп турабыз.

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги өз токтому менен жергиликтүү мергенчилерге аркар-кулжа, тоо эчкиси сыяктуу ача туяктууларга аңчылык кылууга мораторий киргизген. Бирок ошол эле учурда чет элдик аңчылар аталган кайберендерди акчасын төлөп, ээн-эркин атып келишет. Алар дүйнөгө аты чыккан Марко Полонун ургаачысын 350 миң, эркегине 55 миң сомдон төлөп аң уулашат. Чет өлкөлөрдө сейрек кездешкен жаныбарларга мылтык кезөө мындан бери дегенде он эсе кымбат.

Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин алдындагы 11 кишиден турган комиссия берет. Бирок айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аталган комиссиянын курамынан чыгып, аңчылыкка мораторий киргизүүнү өкмөттөн талап кылууда.

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев чет элдиктерге аңчылык уюштуруу кызылдай эле бизнеске айланганын, андан элге эч кандай пайда жок экенин айтып кейиди.

- Чынын айтканда түшүп жатат деген акчанын баш-аягы жок. Андан көрө аңчылыкка мораторий жарыяласак, ошол жерлерде аркар-кулжа ээн-эркин жайылат эле. Ошолорду көргөнү келген туристтерден аңчылыктан түшкөн акчага караганда алда канча пайда көп болмок. Табиятка, элге да пайда болмок. 5-6 жеке фирманын кызыкчылыгын көздөгөн чет элдик аңчылыктын биздин регионго кереги жок.

Саны азайган касиеттүү кайберен

Мыйзам боюнча чет элдик мергенчилерден түшкөн акчанын 35 пайызы жеке фирмаларга, 30 пайызы жергиликтүү бийликке, 20 пайызы экологияны өнүктүрүү фондуна жана калган 15 пайызы Аңчылык департаментине бөлүнөт. Деген менен айрым адистер атылган жаныбарлардын саны жашырылып, андан түшкөн акча "сол чөнтөктөргө солонорун" айтып келишет.

Мергенчиликти сүйүүчүлөрдүн бири, мурдагы депутат Бегалы Наргозуев аңчылыкка уруксат алуу ири көлөмдөгү парасыз мүмкүн эместигин белгилейт.

- Кечээ кармалган кызматкер чоң айсбергдин учу гана. Бул тармакта коррупция өтө күч. Аңчылыктагы паракорчулукка Ак үйдөн баштап, жергиликтүү бийликке чейин тиешеси бар. Ошол эле учурда “каралар” жана “кызылдар” да бул тармакты тейлейт.

Бул дооматтар боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги түшүндүрмө берүүдөн караманча баш тартты.

Учурда Кыргызстанда чет элдик аңчылык турларын уюштурган 46 жеке фирма бар жана аларды таасирдүү адамдар башкарары айтылып келет. Алардын ар бири кеминде 70 миң гектар жайыт жерге ээлик кылат. Улуттук илимдер академиясынын маалыматында, өлкөдө 17 миңге жакын аркар-кулжа байырлайт жана алардын саны жыл санап азаюуда.

Мыйзам боюнча ар жылы аталган жаныбарлардын жарым пайыздан бир пайызга чейинкисине аңчылык кылууга уруксат берилет. Тагыраак айтканда 70тей кулжа, 250-300 теке атылат. Чет элдиктер аталган жаныбарлардын баасы кымбат мүйүзүнө кызыгат.

XS
SM
MD
LG