Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Депутатка тийиштүү жайдан сойкукана табылды


Милиция Жогорку Кеңеш депутаты Турсунтай Салимовго таандык делген оюн-зоок жайда жашыруун сойкукана иштеп келгендигин аныктады. Бирок депутат милициянын маалыматтарын четке какты.

Бишкектин “Чыгыш-5” районунда жайгашкан “Прадо” эс алуу борборунда жашыруун сойкукана иштеп жатканы милиция жүргүзгөн текшерүүдө аныкталган. Бул тууралуу ИИМдин Адам сатууга жана адеп-ахлакка каршы келген кылмыштарга күрөшүү башкармалыгынын башчысы Саламат Адылов билдирди. Анын айтымында, учурда сойкукананы иштеткендерге кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

- Биз “Прадону” түн ичинде текшерүүгө алганда аталган жай сойкукана экени аныкталды. Бул боюнча жергиликтүү жашоочулардан да маалымат келип түшкөн. Сойкукананын эки администратору жана интим кызмат көрсөткөн сегиз кыз кармалды. Аларга кылмыш иши козголду, учурда тергөө башкармалыгы иликтеп жатат.

Милициянын маалыматында, “Прадо” көңүл ачуучу жайы 90-жылдары кадимки эле бала бакча болгон. Кийинчерек бул имаратты ишкер Турсунтай Салимов сатып алып, сайрандоочу жайга айландырган. Бала бакчаны мамлекет эсебине кайтарып алуу боюнча буга чейинки соттошуулар депутаттын пайдасына чечилген.

Турсунтай Салимов учурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты. ИИМ өкүлү Саламат Адыловдун айтымында, “Прадо” көңүл ачуучу жайдагы сойкуканын Жогорку Кеңеш депутатына түз тиешеси бар-жогу азырынча белгисиз.

Ал эми депутат Турсунтай Салимов “Прадо” эс алуу жайында сойкукана болбогонун, интим кызмат көрсөтүүлөр тууралуу интернетте таркатылган видео анын душмандары тарабынан уюштурулган саясий оюн экенин айтууда.

- Ал жерде эч качан сойкукана болгон эмес. Бул таза эле саясий заказ. Милициянын түнкү 11де рейдге барышы, эртеси маалымат каражаттарынын биринен сала бири жазышы менин душмандарым уюштурган иш экенин билдирет. Мен муну ким уюштурганын таап, сотто далилдейм. Милициянын, адамдардын кандай чагым иш кыларын жакшы билем.

Турсунтай Салимов
Турсунтай Салимов

​Салимов коомчулукта “Мадина” базарынын кожоюну катары белгилүү. Ал саясатка аралашкан 4 жылдан бери базарды да, “Прадону” да башка адамдарга өткөрүп, ишкерликтен алыстагам деп ишендирүүдө. Анын айтымында, аталган жайдагы саунаны ушул кезде башка адамдар ижарага алып иштетет.

Ал ортодо Бишкектеги караоке-барларды, эс алуу борборлорун тинтүүгө алуу менен аты чыгып келаткан “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси жыйын куруп, бийлик өкүлдөрүн сойкулукка каршы чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды. Аталган биримдиктин башчысы Замир Көчөрбаев көмүскө сойкуканаларга таасирдүү адамдар ээлик кылышкандыктан, аларга каршы күрөшкөн милициянын аракети майнапсыз экенин айтууда.

"Кыргыз чоролору" уюмунун мүчөлөрү
"Кыргыз чоролору" уюмунун мүчөлөрү

- Сойкуканаларды тескеген мыйзам жок, ага жараша милициялардын укугу да чектелүү. Ошондуктан биз рейддерге чыгып жатабыз. Негизи сойкуканаларды депутаттар, Ак үйдө иштеген аткаминерлер калкалап турат. Жакын арада алардын аттарын коомчулукка чыгарабыз. Чет элдиктер караоке деген ат менен көмүскө сойкуканаларды иштетишет. Алар кыргыз кыздарын чет өлкөлөргө сексуалдык кулчулукка алып кетишет. Жакында Кореядан мындай тагдырга кабылган кыргыз кыздар келет, ошондо баарынын анык жүзү ачылат.

Анткен менен Кыргызстанда интим кызмат көрсөтүүгө же сойкулукка чектөө койгон мыйзам жок. Милициянын маалыматында, Кыргызстанда сойкулукту кесип кылган кыз-келиндердин тизмеге алынган саны 3500дүн тегерегинде.

ИИМ: "Прадо" эс алуу жайында сойкукана болгон
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

XS
SM
MD
LG