Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Акылын акчага саткан атактуулар


Жон Грейдин сүрөтү түшүрүлгөн баннер. Бишкек
Жон Грейдин сүрөтү түшүрүлгөн баннер. Бишкек

Соңку күндөрү Бишкекке келип акы төлөнгөн сабактарды өтүп, өз тажрыйбасы менен бөлүшкөн дүйнөгө белгилүү адамдардын катары калыңдап барат.

Америкалык белгилүү психолог жана жазуучу Жон Грей Бишкекте алгач ирет 9-10-ноябрда болуп, үй-бүлө мамилелери боюнча сабак өттү. Алгач Улуттук филармонияда өткөн семинарга миңден ашык адам катышып, кирүү акысы 50 доллардан 100 долларга чейин жетти.

Грей 10-ноябрда Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттерине акысыз баарлашуу өткөрдү. Ал психология, аял-эркек мамилеси боюнча 17 китеп жазып, алар 40 тилге которулган. Анын “Мырзалар Марстан, аялдар Венерадан” аттуу бестселлер китеби кыргыз коомчулугун да кайдыгер калтырган эмес.

Жон Грэйдин гонорары 35 миң доллар...

Атактуу психологду Бишкекке Борбор Евразиялык лидерлер альянсы алып келген. Аталган компаниянын өкүлү Алина Касенова Грейди чакыруунун башкы максатын мындайча түшүндүрдү:

- Акыркы учурда бир айда эле 700-800 ажырашуу катталып жатат. Көптөгөн балдар ата-энесиз өсүүдө. Ошондуктан Жон Грейди чакырдык. Бул киши үй-бүлө маселесинде чебер. Акыркы убактарда жалаң эле бизнес боюнча спикерлер келди. Ошол себептүү үй-бүлө баалуулуктарын, аял-эркек маселесин да көтөргүбүз келди.

Жон Грей өз сабактарында араздашкан үй-бүлө бири-бирин угуп, сүйлөшкөндө гана ажырашуу болбосун айтып келет.

Буга чейин ушул эле компания демөөрчүлөрдүн каржылык колдоосу менен бизнес боюнча дүйнөлүк эксперт Брайан Трэйсини, лидерлик боюнча Майкл Кулини чакырышкан. Алдыда канадалык жазуучу Робин Шарманын, австралиялык жазуучу Аллан Пиздин, израилдик жазуучу Ицхак Адизестин келери күтүлүүдө.

Лидерлер альянсы дүйнөгө аты чыккан адамдардан тажрыйба бөлүшкүсү келген бишкектик жаштар көбөйүп баратканын белгилейт. Атактуу коноктордун баары каалоочулардын талабына жараша чакырылат. Алар оңбогондой сый акы, эң аз дегенде 25 миң доллар гонорар талап кылышат. Маселен, Жон Грей 35 миң долларга макул болгон. Дүйнө атактууларын чакырган компания өкүлү Алина Касенова:

- Сый акылар 25 миң доллардан өйдө. Атактуу адамдардын иш планы бир жыл алдын ала түзүлөт. Анан алар бир жерге барганда бир нече шаарды кыдырууга аракет кылышат. Биз Грейди алгач Алматыга чакырып, анан Бишкекке алып келдик.

200 долларлык тренинг ийгиликке ачкычпы?

Байкоочулардын баамында, белгилүүлөрдүн акыл үйрөтүүсү жаштар үчүн өтө пайдалуу жана келечекке чоң түрткү болот. Ошол эле учурда мындай тренингдер ортомчу ишканаларга гана пайда түшүрбөсө, жаштарга анчейин пайдасысыз дегендер да жок эмес. Жарандык активист Айбек Баратов Фейсбук баракчасы аркылуу акча коротуп тренингдерге баргыча өз алдынча иштөө ийгиликке жеткирерин жазды.

- Менимче, бул тренингдер спикерлердин өзүнө гана пайда. Анткени гонорар алышат. 200 доллар төлөп эки саат лекция укса эле ийгиликтүү болуп калбашыбыз айныгыс факт. Ийгиликке жетүү үчүн өз алдынча эмгектенүү керек. Алар жатталып калган фразаларды эле айтышат. Ага баргандар эптеп эле белгилүү адам менен сүрөткө түшүп, соцтармакта мактангысы келишет.

Жакынкы күндөрү Бишкекке орусиялык саясатчы Ирина Хакамада, тележылдыз Ксения Собчак келип, тажрыйба бөлүшөрү күтүлүп жатат. Мындан мурда "Россия сегодня" телеканалынын башчысы Дмитрий Киселев журналисттерге акыл үйрөткөн болчу. Буга чейин Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг жана теле алып баруучу Андрей Малахов да Бишкекте болору айтылганы менен, азырынча алар келе элек.

XS
SM
MD
LG