Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:13


ЭЛ


Акыйкаттык болгон жерде
Ар-намыстуу эл өнүп,
Президентке эл эмес,
Президенттер турсун элге жөлөнүп.
Акимдерден ажыраган эл эмес,
Акыйкаттан ажыраган эл өлүк!..




ЭМНЕ ҮЧҮН?

Эмне үчүн элди каптап азап бүгүн,
Эссиздик эс-акылды басат бүгүн?
Эзелтен тынч жашаган элдер минтип,
Эмне үчүн бир-биринин үйүн өрттөп,
Эмне үчүн бирин-бири атат бүгүн?

Эмне үчүн эл тозокту көрүп жатат,
Ээнбаштар элди элден бөлүп жатат?
Эмне үчүн эч нерсени түшүнбөстөн,
Элейип наристелер өлүп жатат?
Эмне үчүн бейиттерди кучакташып,
Энелер боздоп жашын төгүп жатат?
  • 16x9 Image

    Шайлообек Дүйшеев

    "Азаттык" радиосунун баяндамачысы, Кыргызстандын Эл акыны жана бир катар сыйлыктардын ээси.

XS
SM
MD
LG