Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

Жүгөнсүз айгыр минген бала кез


- Тур, турагой, жылкыга жөнө.
- Ики-и, жата турайынчы дагы...
- Ээ ботом, күн чыгып калбадыбы, эртерээк желе байлайлыбы, же...


Көгүлтүр мониторго, интернеттеги түрдүү-түмөн баракчаларга тигилип отурам. Бишкектемин. Жумушта да, үйдө да ыңгайлуулук бар. Баары белен. Эми аларды саймедиреп отуруштун кажети деле жок. Ушул учурда жогорудагы сүйлөмдөр эсиме тык этти. Аны улай калгандары...

...Жайлоодо. Таңкы таттуу уйкудан энем күндөгүдөй дагы ойготту. А мен боло койчумунбу. Энем (чоң ата-чоң энемдин колунда өскөндүктөн аларды эне-ата дечүмүн) экөөбүздүн алым-сабак айтышыбыз чай кайнамча созулат. Күндө. Мен жылуу жууркан ичинде, а киши же уй саап келип, сүт куюштуруп аткан болот, же печкеге от жагып аткан болот.

Күн чыгайын деп калганы жөн гана “провокация”. Күн сайын жылдыз бириндей элек, таңкы үрүлдө а киши жылкыга жөнөтөт.

- Күндө эле мен бара беремби?

- Йе кокуй, башка ким бармак эле, атаңбы?


Жайлоодо атам, энем, мен үчөөбүз. Башкалар өөндө, шаарда. Бир маалда энем экинчи провокациясын баштайт:

- А мэ-эйли балам, сен жата бер, анда өзүм эле айдап келе калам...

Ушул биздин айтышка чекит койчу. Көзүр карта сөзү эле. Ыргып турам. Азыр да так ажырата албайм. Мен турсам энем бармак беле дечүмүнбү. Өзүмдү кадыресе киши болуп калганымды билгизгим келчүбү, иши кылып, жылкыга менден башка эч ким барчу эмес.

Шаша-буша кийинип, өтүктү бутка коңултак иле коюп, босогодо бир нерсени күтөм. Тагыраагы, күттүрчү эмес. Энем жалынып-жалбара, чыгдандан момпосуй, таттуу-маттууларын чубап чыгат. Шымдын эки чөнтөгүнө шыкалчу алар.

Кыдыңдап жөнөйм. Таңкы сыдырым, таза аба уйкуну умачтай ачат. Шибердеги, жол боюндагы шилби-табылгыга түшкөн шүүдүрүм ой-боюңа койбой сергитет.

Атам айтчу, илгери кимдир бирөөлөр коңшу журтка бастырып барып, жылкы чабышыптыр, бирде баланчанын үйүр жылкысын сүрүп келишиптир, бирде куугун кууп, чабышып, ажыратып алыптыр деп. Мен да өзүмдү баатыр, жылкы чаап келчү азамат сезип, жөнөчүмүн. Бул кыял, бул “баатырлык” биздин боз үй көрүнбөй калган секиге чейин уланчу.

Андан ары ээн талаа. Эмелеки “жылкы чапкан баатыр” топ шыраалжын, табылгыдан элтеңдеп коркуп, бут алдынан “бырп” этип паренде учса “баа” деп ийчүдөй шөмтүрөп, эси чыкчу. Алаңдаган көздөр жакын арадагы жылкы түнөчү жерлерди аңтарчу. Таппаганда сөкчү. “Жакын эле жерге түнөсө өлүп кетеби!” А жылкың алыс, бийик жакка кетчү. Шибердин ширинин, жашын тандап.

Бир убакта кылак этип, таң буурулунда ак боз айгырлуу үйүр көрүнөт. Чоду-Булактан. Чоду-Булак деп тээ бөксө тоонун чокусундагы жалгыз көз булактуу жер. Илгери Чоду деген киши а жерге булак жасап, анан ушундай аталып калыптыр деген атам. Чодунун чокусуна жеткиче кош чөнтөктөгү таттуулардын да түбүнө жетчүмүн.

Боз айгырдан улам биздин жылкыны таанычумун. Пахтанын буласы сымак алыстан көрүнчү.

Мына жылкыга жеттим. Эң оболу аларды үйдү көздөй үйрүп, имерип алам. Анан ак боз айгырды кармап минем. Жөн эле, туз-пузу жок эле карматчу. Жүгөнсүз, жайдак минчүмүн. Ушунчалык жоош, элпек. Баласынтчу эмес.

Ыйык жалдан тутамдай кармап, оңго-солго буруп келе берчүмүн, “жылкы тийип”... Заңкылдап ырдап алам... (Мындай жоош атты азыр эч жерден көрө элекмин. Кийин, оо кийинчерээк карыды деп ал атты сатып ийишкенде ичимдин ачышканын айт.)

Бир убакта, ана, биздин боз үй көрүнөт. Жылкы үй көрүнгөн секиден имерилгенде чоң атам ноктолорду көтөрүп желе боого келет. Айгырды минип албадымбы, көрбөйсүңбү дегендей тимеле корстонмун. Коңшунун балдары мени көрүп турат бекен деп ары-бери каранып..

Анан кулундарды байлап, экөөбүз ээрчише үйгө жөнөйбүз. Аңгыча энем сүт бышырып даяр. Ага нандан туурап, курсакты керген соң кой артынан салышчу.

Канча жашта экеним так эсте жок. Беш дейин дейм, азыр беш жаштагы балдарды көрүп ага ишенбейм. Бирок мектепке бара элек кезим. Демек, алты жашар элем.

Кой-эчки туягы менен оттойт. Чокуга чыгат шарт эле. Эмелеки барып келген Чоду-Булакка эрбеңдеп кайра өрдөйм. Ал макулуктар улуу шашкеде ылаалап, үйгө жакын жердеги бадалга түшүшчү.

Жайлоодогу аба ырайы жаш баладай. Туруп-туруп күлөт, туруп эле ыйлап ийет.

Эсимде, бир жолу Кызыл-Четинде кой кайтарып жүрсөм жамгыр көнөктөп төктү. Четинге корголодум. А жааның түшкүр, жалбырактардын арасынан жол таап келип койнума кирет десең.

Кийимиме өтмө катар суу өттү. Сыгып алма. Үйгө кетейин дейм, койлорду карышкыр кырып кетсечи деген кооп коё бербейт. Айдап жөнөйүн дейм, басышпайт, үңкүйүп жаанга жонун тосушуп. Бакырып ыйладым анан.

Кантип келгеним эстен учуп кетиптир. Чоң атам атчан келип алып кетсе керек эле. Үйгө келип бирин калтырбай кийимдерди сыйрып, чоң атамдын чоң тонуна култ кирип кеттим. Тимеле мемиреп уктаптырмын. Кой териден жасалган тон. Ушунчалык жылуу, ушунчалык ыңгайлуу. Андай жылуулукту ушу кезге чейин сезе электирмин.

Эсимде, бир жолу өз атам-апам шаардан келишиптир. “Бул “Монтана” деген жазуу”, деди апам мага бир күрмө кийгизип жатып. Дагы бир торлуу көк кепканы устара кырган такыр башыма илдим.

“Шаарда балдар ушундай кийинишет”. Кызыл-тазыл жаңы кийимге кошул ташыл апамдын бул сөзү шаарга кетсем дегенде эки көзүм төрт болгон мени ого бетер дегдетти. “Ушинтип эле кой артынан жүрө беремби” деп кежирлене ойлоном, “карыганча” деп кошумчалай. Бирок ачык айтууга даабайм. Берки атам менен энеми таарынтып аламбы деп.

Аларды таарынтып албаш үчүн не гана кылган жокмун. “Токтакундун баласымын” дечүмүн сураганга. Нурмаматтын десем эле чоң атам менден жүзүн үйрүп кете тургансып. Алар да мага үзүлүп-түшө, эрке-талтаң өстүрүштү.

Азыр да ошондой. Айылга барганда берерге ашын таппай дүрбөлөң. Баары ошол бала кездегидей. Энем да, атам да элеттин касиети го, жетимиштен аша жашашса да карылыкка анчейин моюн сунуша элек. А бирок бир өзгөрүү, өзгөртө алгыс өзгөрүү – мен азыр жыйырмадан эбак өткөм. Баягыдай жылкыга баргым келет, кой кайтаргым келет. Көк нөшөрдө калгым келет...
XS
SM
MD
LG