Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Маданият "быш", айылга түш


Жакында “Азаттыктан” Баткенден бир жигиттин маданият тармагы бүгүн толук кандуу иштей албай, мамлекет тараптан да ойдогудай жардам болбой жатканын айтып, нааразы болгонун кулагым чалып калды. Ал жигит кошуна Тажикстандын Исфара шаарында өткөн маданий иш-чарага катышканын, ал өтө жогорку деңгээлде өткөнүн саймедиреди. Мени таңдандырганы: ошол жигиттин Тажикстандын райондук маданий мекемелери биздин облустардыкынан жогору тургандыгын белгилегени болду.

Менимче, Тажикстандын деле экономикасы бүгүн бизден ашып кеткен жок. Бирок баткендик жердешибиз айтмакчы, тажик кошуналардын экономикасынын кыйын шартына карабай, маданиятка өзгөчө маани берип жатканына караганда, алар маданияттын мамлекет жана улут үчүн баа жеткис маанисин бизге караганда тереңирээк түшүнөбү деген ой калды.

Туура, каржынын айынан бүгүн маданият тармагына мамлекет ойдогудай каралаша албай жатат. Бул боюнча мурдагы макаламда да жазгамын. Маданият тармагына бөлүнгөн каражаттын үчтөн биринен азыраагы гана берилип жаткандыктан, натыйжа тууралуу айтуу кыйын.

Бирок замандын тили менен айтканда, шоу-бизнестин өкүлдөрү жакшы эле иштеп, турмуш-тиричилигин жана чыгармачылыгын жакшыртууга жакшы эле каражат таап жатышпайбы. Ошондуктан базар экономикасынын шартына жараша мамлкеттик маданий мекемелер өздөрү жаңы чыгармаларды жаратып, тынбай изденсе, ошол эле шоу-бизнестин өкүлдөрүнө атаандаштык түзөт эле да. Себеби атаандаштык кай жерде болбосун продукциянын сапатын жогорултууга өбөлгө түзөт эмеспи.

Айрыкча жер-жерлерде айылдар шаардан качан концерт келет деп акыйбай, өнөрлөрүн өргө чапса болот. Анткени өнөрлүүлөр негизинен элеттен чыгарын тажрыйба бышыктаган. Акыркы кезде өнөрлүүлөр айылда да жакшы орунда, анткени, жакшылыктар менен тойлор аларсыз өтпөй калбадыбы.

Сөздүн кыскасы: “алма быш, оозума түш” деп отура бербей, талыкпай жана үзгүлтүксүз эмгектенүү керек. Маданий мекемелердин жетекчилери да креслодо отурган чиновник болбостон, жаны тынбай чуркап иштеген менеджер болушу шарт. Кыргыз макалы бар эмеспи: “Мээнетиң катуу болсо – тапканың таттуу болот”.

Мамашарип Чотонов, экономика илимдеринин кандидаты
XS
SM
MD
LG