Балбалактап жааган карды карап отуруп, кыялым алыска кетти... Кар жаап турчу эле, а менин болсо колумда адабий китеп, жаңы эле уюган, үстүнө каймагы чыккан, жыпжылуу айран. Меште арчанын чатырап күйгөнү, арчанын жыты үй ичин каптап, мурунду өрдөйт. Төркү бөлмөдө үйдөгүлөр адатынча бирдемелерди кобурашып отурушат. Аппак карга оронгон айыл болсо бейкапар мемирейт. Короодогу бирин-экин малдын үнүнөн башка кыбыр эткен жан жоктой.
А азыр болсо сыртта айлана аппак шейшепке оронууда, быйылкы кыш келди. Бетон үйгө суук кирип, сыртта аягы суюлбаган машинелердин жагымсыз күү-шаасы, колумда компьютер. Ойлорум башаламан. Кайра-кайра күзгүгө каранып коём. Ысык кофени шорулдата ууртаганым гана болбосо, жарытаарлык деле эч нерсе жаза албадым.
Эх, ак кардай таза балалыгым кайда?! Убакыт менин эң сонун күндөрүмдү уурдап кетти...
Бала чакта көгүлтүр экрандан шаар жашоосун көргөндө, алып-учуп калаалап кеткибиз келчү эле. Кызык, кол жеткис көрүнчү. Мектепте «Мен жакшы көргөн мезгил» деген дилбаян жаздырса, ар убак кыштын кереметин сүрөттөп жазаар элем. Чынында айылдын кышы өзүнчө эле керемет жомок. Биздин үй тоо таяп жайгашкандыктан, кышында муз тепкенге өтө ыңгайлуу. Күндүзү ылдыйды өрдөтө суу чачып салсак, кечинде көкмөк муз болуп тоңуп калаар эле. Чоң атам ошол муздан далай ирээт жыгылыптыр, коноктор үйдү көздөй оңой менен чыга алышчу эмес. Моокумубуз канганча жылгаяк тээп, энелерибизден эчен ирээт жеме уктук. Ооруп калуу, онтоп калуу деген түшүнүк болбоптур. Темир, жыгач чаналарыбыз болоор эле, кышкы бут кийимдерибиз конькиден кем калчу эмес. Кыздар-балдар аркы айылга муз тепкени барып, ал жакты да чаңытчубуз. Аяз ата, аяз кыз жасап фестиваль да уюштурганыбызчы...
Шаарга окууга келгенден бери кышты көп жактырбай калдым. Кышында достор менен бир ирээт гана тоого барабыз. Анда да ооруп калбастын айласын көрүп, калың кийинип даярданам. Болбосо тоодо эле муз тээп чоңойгон кыз элем. Баса, жылуу төшөктөн туруу да кыйын болуп баратат. А айылда болсо атам мешке от жагып, бөлмөнүн ичин жыпжылуу кылган соң анан ырдап бизди ойготчу. Шатыра- шатман мектепке жөнөп кетчүмүн. Мектеп десе эсиме келет. Бир жолу сабактан келе жатып, мектебибизди курчаган темир тордогу карды жей калам деп, тилимдин жабышып калганы эсимде.
Биздин кеңсе Авто-жол техникумуна жакын. Аталган окуу жайдын студенттери таң атпай тизилген каздай туруп алышат. Баарынын колунда тамеки, кээсинин чөнтөгүндө насвай, түкүрүп-какырып жолду булгашат. Жер тандап араң басып каласың. Бүгүн да ошол көрүнүш.
Жумушка баш багаарың менен жуманын алгачкы күнү баарынын маанайы жакшы. Жыйналыштан соң себелеп жаап жаткан карды тиктеп, кыялданып келдим.
Кичинемде, кар жаап турган маалда асмандан көзүмдү албай көөпкө тиктеп тура берсем, өйдөнү көздөй учаар элем. Бүгүн да ошенттим. Балалыгымда кыялкеч кыштарда жашап жүрсөм, азыр үмүттүү кыштарды өткөрүүдөмүн. Апаппак кар Кыргызстанды тазалап, жан дүйнөбүздөгү кара тактардын баарын жууп кетсин.
Бүгүнкү алгачкы карда мен ушуну ниет кылдым...
Самара Сагынбаева, Бишкек