Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Мен баратам Бомбейге


Биринчи класс бекен, же экинчи класста белем, класста чакан оюн койчубуз. Бир ирет мага эски чапан кийгизишип, ичке таякка түйүнчөк байлап беришти. Аны асынып алып:

Мен баратам Бомбейге
Табылаар жумуш мендейге.
Табылбаса кантейин
Мага окшогон кедейге
-, деп ырдаганым эсимде.

Бала чакта Индиянын кинолорун көрүп алып, боорум эзилгенче күлүп, көз жашымды тыя албай ыйлачу элем. Мына эми туз буйруп, Бомбейге жол тартып жатам. Индиялык кесиптешим Кожо Насридин үйлөнүп, тойго чакырды. Насридиндин апасы мага индустардын көйнөгүн алып коюптур! Ошону менен кинодон көргөн тойго минтип өңүмдө күбө болгону турам.

Сүрөттө: Бомбейге бараткан топтогу журналисттер АКШдагы кесиптик саякатта. 2012-ж. Солдон оңго: шаар кабарчысы Лаик Хан, Бангалор, Индия; ушул майда үйлөнүп жаткан Кожо Насридин, Индия; блогдун автору Жаңыл Жусупжан, Лутфулла Нажафизада, теле-журналист, Ооганстан; тилчи Роберт, АКШ; видео журналист Нисар Аббас, Пакистан. Камеранын артында бизге көрүнбөгөн тележурналист Надя Нади, Пакистан.
XS
SM
MD
LG