Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Падыша болууга төрөлдү


Улуу Британия -- канзаада Уильям менен Кейт Мидлтон үйлөнүү үлпөтүндө. Лондон, 29-апрель, 2011.
Улуу Британия -- канзаада Уильям менен Кейт Мидлтон үйлөнүү үлпөтүндө. Лондон, 29-апрель, 2011.
Былтыр кеч күздө дүйнө медиасы бир аял кош бойлуу экенин билип, чуру-чуу болуп жатып калган эле. Мынакей тогуз ай да тез эле өтүп, көптөн күткөн ошол бала төрөлдү. Британия канзаадасы Уильям менен Кейт Мидлтондун туңгучу XXI кылымда эң көп сүрөткө түшүп, элдин көңүлүн өзүнө өзгөчө тарткан бала болмокчу.

Эне катары кош бойлуулук кандай болорун жакшы билем. Бирок биздин коомдо эмнегедир муну талкуулоого табу коюлгандай, сүйлөшсөк да басыңкы үн менен гана талгак болгонубузду, эртең менен көңүл айнып кусканыбызды курбуларга айтабыз. Бирок Британияда болсо Кэмбридж герцогинясы Кейт токсикоз боло баштаганда англистер улуттук майрамдай майрамдашып, эркеги, аялы, карысы жашы дебей талгак болгон кандай экенин талкуулап жатып калышты. Ал тургай падышалык доктурлар да талгак болгондун эч кандай коркунучу жок экенин расмий билдирип ийишти.

Анан Англияда Кейт менен чогуу төрөсөм деп эңсеген аялдардын саны да көбөйдү. Же мага ушундай сезилдиби билбейм, айтор көчөлөрдөн курсагы чыккан, ошол курсакты биздин кыргыз келиндердей кысынып жашырбай эле ачып алып көтөрүп жүргөндөр көбөйдү. Анан Кейт төрөй турган баланын жынысы да эл арасында чоң талкууну жаратты. Анткени ага чейин Британ парламенти Уильямдын туңгучу кыз болсо да такка отура алат деп чечим чыгарган эле. Ушундан улам көптөр Кейт кыз төрөйт дешти. “Лэдброук” сыяктуу мелдеш өткөргөн уюмдар да бул иштен пайда таап ийди.

Эмнеси болсо да 22-июлда, Лондон сааты менен 16:42де Британиянын орто классынан чыккан, бул өлкөнүн тактысына отуруу боюнча экинчи катарда турган канзаада Уильямдын жубайы Кейт Мидлтон эркек төрөдү. Миңдеген лондондуктар, ал тургай Британия королдугуна кирген өлкөлөр жана дүйнө эли бешик той жеп, майрамдап эле жатып калды.

Британ тагына келүүчүлөрдүн үчүнчү катарындагы бул уулдун аты ким болору айтыла элек. Ошентсе да, талгагы, төрөтү, баласынын салмагы дүйнөнүн төрт тарабына жар салынган Кейт эми бакытка бөлөнүп эле жатса керек. Консервативдүү англис монархтарын жолдоп, ал да туңгучун Диана Уильямды төрөгөн Сент Мэри ооруканасында колуна алды.

Эмне дейли, бир күнү ушул уул Британ тактысына отуруп, бул өлкөнүн сүйүктүү падышасына айланарына шек жок. Бешик боосу бек болсун...

Бактыгүл Чыныбаева
XS
SM
MD
LG