Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Кыйылган көк теректерге кошок...


Бостеридеги кыйылган теректер, Ысык-Көл, 29-август, 2014
Бостеридеги кыйылган теректер, Ысык-Көл, 29-август, 2014

Чолпон-Ата шаарынан Бактуу-Долоноту* айылына чейинки көрктүү бактын катары суюлду. Бийлик көк теректердин 178 түбү “куурады, картайды, тамыры бошоду” деп кыйганга уруксат берген. Кесилген теректердин ордуна генералдык планга ылайык, автомобилдер токтоочу жай болот экен. Ошол эле учурда эмки жылы жаңы көчөттөр отуругузулат деген убада берилүүдө. Бирок бийликтин убадасына ким ишенди, ким жок.

Бул көчө расмий түрдө “Ала-Тоо аллеясы” деп аталса, жергиликтүү эл өзү “Сүйүү аллеясы” деп уккан кулак сүйүнчү ат коюп алышкан. Адеп 1934-жылы алгачкы көчөттөр жолдун эки жээгине эки катар сайылганда берилген аталышы “Раппопорт аллеясы”. Анын бир бөлүгүн жок кылуу- улуу муундардан калган тарыхый эстеликти кыйратуу, аны тарыхтан өчүрүү аракети. 1934-жылы 4 500 метр ашуун аралыкка көк теректин жана кара жыгачтын көчөтүн сайып жатканда жакшы саамалыктын демилгечиси Леонид Раппопорт: “Бул аллея жаңы жашоонун символу жана жаңы муун үчүн бизге эстелик,” - деп айткан экен. Бүгүн улуу муун илгери үмүт менен тиккен аллея кулатылып жатканын көрүп, алар урпактары жашыл бакты асырап алалбасын эске алган эмес деген ой келет.

Ата-бабалардын мурасы көрбөсө, Европа өлкөлөрүндө карт дарактардын ар бир түбү эсепке алынып, куурай тургандарынын ордуна эртелеп жаш көчөттөрдү отургузуп, эзелки калыбында сакташпастыр эле. Мисалы Праганын Hvězda деген паркы 1526-жылы чех королу Фердинанд I негиздегенден бери эч куурабай эле түбөлүк жаштай кулпуруп турат.

Же орустун улуу акыны Пушкин ырга салган Анна Керн аллеясы (Псков облусунда), Тула облусундагы Ясная Поляна коругундагы Лев Толстой тиккен дарактар аздектеп корголмок беле? 1941- 45-жылдардагы согушта чоң зыян тарткан Михайловск коругун, анын ичинде Керн аллеясын калыбына келтирген Семен Гейченкого учурунда Социалисттик эмгектин баатыры наамы ыйгарылган. А биздин “эл башылар” Бишкектеги Ата Түрк атындагы бактын жана Кара Жыгач багынын бир ныптасын көз жазгырып сатып жиберип, атүгүл өздөрүнө там салып алышты.

1990-жылга чейин Бишкектин сыймыгы болгон Эркиндик (мурдакы Дзержинский) бульварынын да эзелки көркү бузулуп, азыр араанын сынган тишиндей болуп калган.

Бүгүн Кыргызстанда шаар-кыштактардагы бак, гүлзар, парктарга катар өз доорунун көркү, заманга урулган мөөрү болгон имараттар да айоосуз жок кылынууда. Мурдакы Дзержинский бульварынын четиндеги жапыс үйлөр бузулуп, ал райондун архитектуралык ландшафы бузулуп, а-ля Москва, а-ля Дубай же а-ля Астана тибиндеги бийик тамдар түшүүдө. Ал турсун 1960-жылдары ордолуу шаардын көркү саналган “Ала-Тоо” мейманканасы да (дубалы сепилдей калың экенине карабай) кыйратылып, ордуна жана бир көк тиреген имарат курулганы турат. Натыйжада Эркиндик бульвары өзүнүн тарыхый түрдө калыптанган архитектуралык жүзүн жоготту. Ал эми шаардын ортолук бөлүгү жөнүндө сөз жок.

(Баса, Леонид Львович Раппопорт сыяктуу эл-жерибизге салымы албан адамдарды унутуп койуу жаңылык эмес. 1995-жылы чыккан “Ысык-Көл облусунун” энциклопедиясында ал кишинин аты “Ала-тоо аллеясында” учкай эскерилет. Болду.)

Массмедиага чыккан маалыматтарга караганда, “Ала-Тоо” мейманканасынын имараты да №5 мектептин эски корпусу тейде “авариялык абалда” экен. Байкап жатасызбы, Чолпон-Атадан күн чыгышты көздөй кеткен аллеяны кыйуунун себебин түшүндүргөн чиновниктер да көк теректердин “карып, кургай баштаганын” бетке тутуп жатканын. Эгер жол тар болсо, эмнеге дагы бир катар терек жана кара жыгач тигип, экинчи жолду курса болбосун? Анан да чиновниктер айтып жаткан жүйө сөздөргө караганда “Көчмөндөр оюндары” өткөрүлбөсө, 80 жылдык теректер кыйылбастан, өзү эле чирип-куурап жок болмоктой? Анда эч ким алардын кулагынын кужурун да алмак эмес? А биз өзүбүз Раппопорттун демилгеси менен курулган аллея куурап калды деп чуу салат белек?

Тоо койнуна кысылган кыштагымда,
Там-ташы бар түзөңдүн төш жагында
Турар эле шуулдап миң түп терек
Тигип койгон атакем жаш чагында.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...

(Салижан Жигитов)

* Хусейн Карасаев даярдаган “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүндө” (Бишкек-2009) Бакты-Долоноту деп аталат.

Сүрөт баян: Кыйылган теректер

XS
SM
MD
LG