“Азаттыктын” интернет-эрөөлүндө Актандын мага жазган жообун окуп алып дагы ойлондум. Туура, адегенде Чыңгыз Айтматовду деле биздин коомчулук башкача баа берип, ошол кездеги кыргыздын атактуу жазуучулары "кайдагы жеңил ойлуу, сойку аялдын, Жамыйланын образын чагылдырган. Биздин элди мазактаган" дегенге чейин барышкан. Эгерде Мухтар Ауэзов болбогондо, анын досу, Франциянын эң мыкты адамы бул чыгарманы даңазалабаганда биз, кыргыздар Чыңгыз Айтматовду баалабай калат белек?
"Свет аке" калың коомчулук тарабынан башкача, жактырылбай кабыл алынды. Тескерисинче, жашоо деңгээли бир топ бийик болгон, искусствону абдан катуу баалаган мамлекеттерде бул кыргыз киносу жактырылды.
Эгерде "Свет аке" кыргыз элинин азыркы турмушун чындап чагылдырганын билишсе, анын чыгармачылык мааниси мындан да жогору болмок. Эч кимисинин ойуна да келбеди азыркы заманда, XXI кылымда бийлик элин ушунчалык жакырчылыкка алып келгенине, жерин жана жаш кыздарын башка элге таланды кылганына, жеке жыргалчылык деп адамды курман кылганына...
Чындыкты баяндап жаткан "Свет аке" кыргыздарга, анын бийлик ээлерине жана кошоматчыларына эч жакпайт. Себеби элимдин жакырчылыгын, алсыздыгын, адамдык сапатынын жоголо баштаганын ачык айтып жатпайбы. "Свет аке" кыргыздын намысына катуу тийди, "свети" жок турмуш-жашоосун ачык чагылдырды, элин "тезек терип оокат кылгыла" деген мамлекет башчыларынын кем акыл ойлорун айтты, кылымдардан кылымдарга чейин душмандан коргоп келген жерлеринин башкаларга таланды болгонун көргөздү...
"Свет аке" доорубуздун бара-бара талкаланып, жаш кыз-уландарыбыздын башка элге кулдукка малынып баратканын, ата-энелерибиздин кыйналган карылыгын, коомдогу элибизге жат жаман адаттардын - ичкилик, сойкулук, айкырык ("митингчилик"), бирин-бири талап-тоноочулук, алдамчылык, ж.б. - каптап киргенин айгинеледи...
Ооба, "Свет акедеги" эки эшектин "айкырыгы", "сойкулугу" мага да жакпайт, балким ал сценанын кереги жок беле? Бирок анда айткылачы - эмнеге биз, кыргыздар ушундай айбан жоруктарга жол беребиз, качан "эшектерден" арылабыз? Эмне, биздин неберелерибиз башка жашоого татыктуу эмеспи?
Актан адамдык сапаты абдан жогору, сылык-сыпаа жигит экен. Башкача болгондо, балким бул киного "Свет аке" эмес, "Эки эшек" деген ат коймок, алар ким экендерин кыргыздар жакшы билет. Ошол кинодогу "эки эшек" кылгылыкты кылып койуп, кыл жип менен бууп койуп элибизди айбан турмушка таштап койуп кете бербедиби.
Демек биздин турмуш оңолсун десек бардыгыбыз ынтымакка келип, курулай эле кыйкырбайлык "кетсин эле кетсин" деп, намысыбызга келели.
"Тезек тергиле" деген заманда Актан "Свет аке" чыгармасын жаратты, дагы бир ирет рахмат дейлик бул эрдигине, акылына. Актан элине, неберелерине бул киносу менен жакшы турмушту тартуулады, каалады. "Свети" жок кыргыздын жашоосуна ичи ачышып бул чыгарманы жаратты. Азыркы турмушубузда Актан башкача кыргыз киносун жарата албайт болчу.
Актан менен элибиз сыймыктанышы керек, азамат деп. Кана, кимибиз Актандай болуп АКШнын бардык аба мейкиндигин ээлеп алдык, ар бир учакта, кыргызга такыр жакпаса да, "Свет аке" тасмасы саякатчылар назарында.
Рысбек Абдылдаев,
медицина илимдеринин доктору