Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Кыргызстаным


Меймандос, ак калпакчан менин элим,
Керемет, бейиш төрү менин жерим,
Чангандар кыргыз элин, кыргыз жерин,
Чыныгы макулуктар дегим келет менин.

***
Абасы, тоосу дагы, суусу дагы,
Эргитпейт, эс алдырбайт кандай жанды?
Кетүүгө башка өлкөгө бактыңды издеп,
Тууганым, айтчы, сенин акың барбы?

***
Жашагын, эмгектенгин өз өлкөңдө,
Баркын билбей, кийин сен кейип жүрбө.
Мекен үчүн иш жүгүн колго алалы,
Андыктан көтөргүн сен башты өйдө.

***
Унутпагын, кыргыз эли байыркы эл,
Канчасы ээ болууга көз арткан жер.
Зар болуп калса эгер керегиңе,
Керек болсо Кыргызстанга жаныңды бер!

Айдай Амангелди кызы
КТМУ, журналистика факультети, 1-курс
XS
SM
MD
LG