Жумуштан үйгө келсем кошуна апа "светчи" келип кеткенин, биз үйдө болбогонубуздан улам эртең кайра келээрин айтып калды.
Мен эсептегичтин акыркы көрсөткүчүн санап чыксам, Кудай бетин салбасын, бир айлык маянамдын жарымы чыга келди. Өңүм өзгөрө түшкөнүн көргөн кошуна апа "кийинки көчөдө "светчи" байкең менен сүйлөшүп, көрсөткүчтү түрдүртүп ал" деп кеңеш берди.
Мен жолдошумдун үйгө келишин чыдамсыздык менен күтүп жаттым. Ал адаттагыдай жумуштан чарчап, кеч келди. Тамагын берип жатып, "эки жаңылык бар, биринчиси - жакшы, экинчиси - жаман" дедим.
- Жаманынан башта, деди ал.
- Бүгүн "светчи" келип, бизди таппай кетиптир, эртең кайра келет экен. Светтин көрсөткүчү бир жарым миңден ашып кетиптир.
- Жакшы жаңылыгыңчы?.
- Кийинки көчөдөгү "светчи" байке менен сүйлөшсөк, көрсөткүчтү артка түрүп берет экен.
Тамак ичип жаткан жолдошум мени бир карап, "эмне деп жатасың? Эртең толугу менен төлөйбүз" деди.
Мен элдин баары ушинтип артка түрдүрөөрүн, үйдө акча аз экенин, айдын аягына чейин жетпей турганын айтып безилдедим. Жолдошум мага ынабай, оюнан кайткан жок. Ызаланган бойдон "кышы бою бир өтүк менен чыктым, эл сыяктуу булгаары өтүккө да жете албадым", - деп, светтин арты менен таарынычымды да айтып алдым. Эртеси "светчиге" акчаны толугу менен төлөп бердик. Кийинки светтин акчасын жолдошума билгизбей эле "светчи" байке менен өзүм бүтүрдүм.
Тагдырдын буйругу менен кийин Европада жашап калдык. Бир күнү жолдошума айдын башында келген свет, суу, жылуулук боюнча эсептерди көрсөтүп, "почтага барып төлөп келейин" дедим.
- Оу, абдан көп го, светти артка түрүп салбайлыбы? - деп калды.
- Жинди болбочу, анан беш эсе көп төлөп отуралыбы?.
- "Ой, сен оңолуп калгансың го, Кыргызстанда светти артка түрдүрөлү деп башымды оорутпадың беле, эсиңдеби? - деп жылмая мени карады.
Мен эмне деп жооп айтаарымды билбей турдум.
Почтага бет алып, жолду карай далай ойлор келди...
Кыргызстандын кедей болушуна менин да салымым барбы? Мен сыяктуу атуулдарыбыз канча? Жогору жактагы бийликти тилдеп коюп, ал эми өзүбүз свет болобу, же башка иш болобу, "чай ичип коюңуз" деп "пакетин", акчасын берип, күнүмдүк иштерибизди бүтүрүп жүргөндөрүбүз канча? Бул көрүнүш баарыбызга белгилүү жана күндөй ачык факт!
Кыргызстанда коррупцияга белинен батыптыр, бул коркунучтуу илдеттен айыга алабы?
Жакында интернеттен жакшы накыл сөз окудум: "Балаңа тарбия бербей эле кой, ал баары бир сени тартат, андан көрө өзүңдү тарбияла".
Европанын же СССР учурундагы аң-сезимге жетиш үчүн бизге дагы канча муун керек? Акыркы 20 жылдан бери Кыргызстан бир далай артка чегиниптир, экономика эле эмес, руханий байлыктарыбыз да көмүскөдө калгандай....
Качан өз өлкөбүзгө зыян келтирбей, четинен уурдап-ташыбай, ишибизге так, тыкан мамиле жасаганды үйрөнөбүз?
Чындап эле мен өзгөрдүмбү же мени коом өзгөрттүбү? Коом өзгөрттү дейин десем, эмнеге жолдошум кандай гана коомдо жашабасын өз принциптерин өзгөртпөйт?
Мына ушундай ойлор менен алпурушуп, кантип почтага жеткенимди да байкабай калдым...
Айнагул Мамырбаева,
Люцерн, Швейцария