Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Эки үйдүн эркесимин...


Кечээ "Азаттыктан" интернационал үй-бүлө тууралуу берүүнү уктум. Ал үй-бүлө өзбек жана кыргыз улутунан түзүлгөн экен.

Муну угуп отуруп өзүмдүн үй-бүлөм тууралуу сиздерге айтып берүүнү чечтим. Анткени бир үй-бүлөдө кыргыз, өзбек, орус, казак улутундагы адамдардын чогуу түтүн булатып жашаганы сиздер үчүн кызыктуу болот деп ишенем...

Үй-бүлөм борбор калаадан алыс эмес айылда турат. Айылыбызда 21 улуттун өкүлү жашагандыктан интернационал үй-бүлөлөрдү көп кездештирсе болот. Бардыгы камыр-жумур болуп, ынтымакта жашап келишет. Кичине кезимде кыргыз үй-бүлөлөр саналуу болчу. Көбүнчө немис, орус, татар, дунган улутундагылар эле. Алардын балдары менен чогуу ойноп жүрүп, бири-бирибиздин тилдерибизди үйрөнүп алганбыз.

Ал эми өзүмдүн үй-бүлөм тууралуу кеп салсам, атам кыргыз, апам жергиликтүү казактын кызы. Бирок үйдө жалаң кыргызча тарбия алганбыз. Бирок мен эки башка улуттун тарбиясын алдым десем болот. Анткени кыргыз-өзбек үй-бүлөсүндө да тарбия көрдүм. Ата-энем жумушка, бир туугандарым окууга кеткенде үйдө жалгыз калчумун.

Рашид менен Султан
Рашид менен Султан
Бала бакчага барчу эмесмин. Бирок айылдын “чоң апасы” күндө эртең менен келип, мени алып кетчү. Анткени айылда көпчүлүк балдарын ага караан кылып таштап кетишчү. Башкача айтканда “Рахима чоң апанын бала бакчасы” деп коюшаар эле.

Күндө эки үйдүн ортосунда жүрүп, күйөө баласы менен кызы менин экинчи ата-энем болуп калышты. Тайэнем мага таттуунун түрүн жасап, өзбекче ырлардан созуп, жомокторду айтып берчү.

Экинчи үй-бүлөмдө атам кыргыз, апам өзбек улутунан. Ошентип алардын жалгыз уулу, байкемдин орус кызы Людмилага үйлөнгөнүнө жети жылдын жүзү болду. Жеңемдин аты Лола. Үйдө биз менен кыргызча сүйлөшөт. Орус мүнөз болуп чоңойгон байкеме караганда өзбекчени, каада-салтты жакшы билет. Ал эми эки баласы - Рашид менен Султан эки тилде тең жакшы сүйлөшөт.

Эң кызыгы - кичүү баласы Султан орусча түшүнсө да тайэнеси менен кыргызча баарлашат. Ал эми улуусу быйыл мектепке барып, орус тилин үйрөнүп жатат. Кээде көчөдөн бирөөлөр “эй, орус” деп койсо, “эмнеге орус дейсиң, өзүң орус” дешип тийишкендин катыгын беришет.

Үйдө кимдин төркүнү келсе, ошого жараша салттар колдонулат. Өзбек тагалар келсе өзбекче, орус кудалар келсе орусча, кыргыздар келсе кыргызча тосуп, меймандап кетиребиз. Кээде бардыгы чогулганда баары кыргызча болуп кетет.

Дем алыш күндөрү айылга барганда эки үйгө тең барып, учурашып келем. Мени тарбиялап өстүргөн эки ата-энеме терең ыраазычылыгымды билдирем. Бир үйдөн аскердик темирдей тартипке үйрөнсөм, экинчисинде көркөм өнөр менен адабиятка дос болуп чоңойдум. Бүгүнкү күнгө чейин алардын кичинекей эркесимин...

Айпери Сейитбекова, Бишкек
XS
SM
MD
LG