Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

Жамгырдай таза сүйүүм калды эсте...


Студенттик күндөр… Кандай гана бактылуу күндөр!!! Бирөөлөр үчүн зымырык куштай билинбей өтүп кетсе, бирөөлөргө жагымдуу окуялары менен эсте калат. А мага болсо студенттик күндөрүм жамгырдай таза сүйүүсү менен эсте калды. Ошондогу жамгыр менен байланышкан студенттик күндөрүмдү ыр саптары менен жеткирсем.

Эшикте мен сүйгөндөй аба ырайы,
Жан дүйнөнү аруулантып жамгыр жаады.
Кайдадыр баардыгы шашылышат,
Кайдадыр баардыгы ашыгышат...

Тек гана биз экөөбүз шашылбастан,
Бейкапар келе жаттык колтукташа,
Жамгыр да төгө берди басылбастан.
Көпкө жүрдүк ээрчише сыр төгүшүп,
Миң коштошуп, кайрадан миң көрүшүп.

Андан бери суулар акты далай ирет,
Өткөн сезим ойго салып, түшкө кирет.
Жан дүйнөм уйгу-туйгу болуп жатат,
Ойлорум ойкуп-кайкып алып учат.
Ошондогу тунук сезим эске түшүп,
Жүрөгүм оорулуудай онтоп алат.

Эшикте мен сүйгөндөй аба ырайы,
Ашыктарга күбө болуп жамгыр жаады.

Уулкан Бактыбекова, студент
XS
SM
MD
LG