Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Ааламга батпай... кетип барат жылдыз болуп...


Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов (сүрөт качан тартылганы белгисиз).
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов (сүрөт качан тартылганы белгисиз).
Кытайлык кыргыздардын интернет сайттарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салган күнүнө карата ар түрдүү жанрдагы чыгармалар жарыяланууда. Алардын арасында кытайлык кыргыздарга Маркан деген ат менен белгилүү акын, жазуучу Мамбеттурсун Токтосун уулунун бул ырын "Азаттыктын" окурмандарына да сунуштоону туура көрдүк.


Муштум менен аарчыйм кумдуу жашымды


Бир боз чымчык келип конду алдыма -
Конгону да боп-боз кырчак таш* белем,
«Бул кай чымчык?»
«Торгой чымчык дечү эле».
- Жок, жок, жок, жок,
Мен балакай – деди ал.
«Кабагаты, марканчаты, ойкумдан**-
Чертип берем Оксалырдан* күүлөрдү...»
- Ырда – дедим.
Ал аңгыча тик учак,
Күр-шар этип учуп өттү үстүмөн.
Ала шапкем тик учактын куйунунда
«Ала карга» болуп учуп
Чааралакей, уйгу-туйгу куйун болуп жүрүптүр.
Мен жылаңбаш
Жумуп көзүм
Жашы чыкпай, кум чыгат.
- Куруп кет, эй! Кум чыкканы эмнеси?
Ачам бардап –
Учуп барат тик учак...
Күр-шар эткен үнү да жок, сүрү жок,
Учуп барат боз торгой:
- Мен балакай, Чыңгыз ата, жылдыз сиз
Ырдайм, чертем
Жылдыздай биз жымыңдаган кыргыз биз
А Чыңгыз
Чекит болуп ашып барат,
Көк мелжиген тоолордон,
Ашып барат чекит болуп чегилип.
Күн желесин, түн сересин серпкилей.
Күндү карай, түндү карай,
Жылдыздай жылып кетип барат.
Кетип барат жылдыз болуп жылтылдап.
Кетип барат, кетип барат,
Жылдыз болуп,
Кыргыз болуп,
Ааламга батпай кылкылдап,
Ааламга батпай жылтылдап...
Жашып барат жети кабат асманга,
Жети кабат желе-желе жерлерге...
Батпай, батпай жылт-жылт этип жылтылдап ...
Жер жарылып былкылдап ...
А торгой:
- Балакаймын, балакаймын, көл-талаанын балакай,
Балакаймын!- деп ыйлап.
Көз жашы анын көл талаа
Чекит болуп жашып барат, ашып барат тоолордон ...
Ала шапкем каалгып барат калкылдап,
-«Ала карга» конду акыр башыма.
А батмачык,*** кескелдирик жанымда –
Бүшүркөктөп**** тиктеп турат алыска...
Бир батмачык кирип кетти шырп этип,
Тиштенгени
Торгой жүнү жуп-жумшак.
Кирип кетти, чекит болгон тик учак,
Төнүп кетти, торгой чымчык асманга....
Кирип барат, батып барат күн дагы –
Супа салып, сууп нуру…
Уук нуру укурук.
А мен болсо кара сеңир кашынан
(кара сеңир, Көкө Теңир жашыган).
Кетип барам, кетип барам
Ич-ичимен «Чыңгыз» - дап
Кечип барам кылдай болгон таш кечүү
Кечип барам .....
Муштумум менен аарчыйм, кумбу, жашымбы?
Муштумум менен аарчыйм кумдуу жашымды,
-Оо Чыңгыз, Чыңгыз, Чыңгыз,
Чыңгыз – кыргыз, кыргыз! - деп ....
Муштумум менен аарчыйм, кумбу, жашымбы?
Муштумум менен аарчыйм кумдуу жашымды.

*кырдуу таш
**жер-суу аттары
**кескелдириктин түрү
****бүшүркөп (?)

(Автордун стили сакталды)


Бектур Илияс,
Үрүмчү, Июнь 2012

XS
SM
MD
LG