Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Биз сыйлабасак, анда ким сыйлайт?


Президент февраль айында бутунан операция болгону тууралуу маалымат тараган.
Президент февраль айында бутунан операция болгону тууралуу маалымат тараган.
Акыркы кездери интернеттеги социалдык түйүндөрдө айрымдар президенттин дарегине ар кандай сөздөрдү жазып, болушунча шылдыңдап келет. Кээ бир жаштар ажобуздун атын бурмалап, бешигин терметкенсип текебер сүйлөшөт. Ток этерин айтканда, биздин коомдо өлкө башчысын сыйлоо, ага маданияттуу сын узатуу жоголуп бараткандай. Тескерисинче, президентти саясатты түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү да жемелей бергени көнүмүш адат болуп калды.

1-апрелде Алмазбек Атамбаевдин күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушуусундагы таяк таянган сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан кез. Өкүндүргөнү жакшы адамдар арабызда болгону менен таш боор мекендештерибиз да аз эмес экен. Президенттин мындай көрүнүшүн табалагандар да болду.

Кыргызстан парламенттик башкарууга өткөнү менен тышкы саясатты жүргүзүү президенттин мойнунда. Өлкө башчысы чет элден келген конокторду кыргыз элинин атынан кабыл алат жана башка мамлекеттер менен мамиле түзүүдө Кыргызстандын атынан саясат жүргүзөт. Албетте, кыргыз президенти менен жолуккан адам анын өлкө ичиндеги кадыр-баркына кызыгат. Эгер биз өз жетекчибизди сыйлабасак башкалар Кыргызстандын атынан сүйлөп жаткан адамды кантип урматтасын?

Кыргызда “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” деген улуу кеп бар. Албетте биздин президент деле өзүнүн эч кимге окшобогон артыкчылыктары жана кемчиликтери бар адам. Бирок аны сындоодо ар-намысына жана жеке өзүнө, аты-жөнүнө асылган туура эмес. Эгер кыйын болсоң кетирген кемчиликтерин аргументтер менен айтып, каалабасаң аны же партиясын шайлабай кой деп сунуштайт элем.

Мамлекетти же мекенди сүйүү үй-бүлөдөн башталат. Үй-бүлө – бул чакан мамлекет. Ар бир үй-бүлөдө анын башчысы, мүчөлөрү, өзүнүн ички тартиптери жана жазылбаган мыйзамдары бар. Мамлекеттин да ушул сыяктуу баалуулуктары бар. Бул багыттан алып караганда мамлекеттин башчысы ПРЕЗИДЕНТ болсо, үй-бүлө башында АТА турат. Чыгыш элдери анын ичинде кыргыздарда үй-бүлөдө атанын орду баалуу, аны бардык үй-бүлө мүчөлөрү сыйлап турат.

Падыша болуу Кудайдын көзүнө илинген адамдардын гана пешенесине жазылары айтып жүрөт. Президент улуттун жүзү жана Кыргызстандын эли тарабынан 6 жылдык мөөнөткө өлкө башчысы катары шайланган. Эгер биз Кыргызстанды сыйласак, мындай көрүнүшкө жол бербешибиз керек. Кыргызстандын президентин кыргызстандыктар сыйлабаса башка ким урматтайт?

Алмаз Чербеков, журналист
XS
SM
MD
LG