Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Кыргыз эл


Кылымдарды арыткан кыргыз эли
Кыдырган азып-бозуп, кыйла жерди.
Кашкайган чындык улут сакталсын деп,
Кытайды көздөй үркүп тентигени.

Ынтымак бар нерседен, улук экен
Ырыскы калбай коштоп ээрчий келген.
Ыймансыз адам келсе эл башына,
Ыдырай ынтымактын баркы кеткен.

Рахат - тирүүлүктө делген экен,
Рухий дүйнөң болсо, ичте кенен.
Россия, чет эл-журтта жүргөн кыргыз,
РОЗА - чыкпаса дейт ишенимден.

Гүлдөсө жерибиздин чыгат көркү,
Гүл сымал кыздарыбыз, сындуу өңү.
Гүлдөшүн башка өлкөнүн каалабаган,
Гансиге - баш алдырба, берип бөрктү.

Ырыс алды ынтымак болгон экен,
Ынсап куту, бак-таалай коштой келген.
Ыймансыздар- КӨКӨТӨЙдүн ашы өткөн,
Ырыскылуу кыргыз жерин сатып кеткен.

Заманга нааразылар көтөрүлсө,
Зар ыйлап, мунга батты көпчүлүктө.
Законду буйлаланган тоодой кылды,
Зикир чалып молдолор көтөрүлө.

Салтың бар эчен кылым канга синген,
Сакалдуу даанышмандар элди билген.
Самогон-спирт менен элди алдап,
Спикер болом деген өнөр бекен.

Туубуз бар дүйнө эли, тааный турган,
Тообуз бар мөңгү-кени суктандырган.
Туш-тушка кыргыз чилдей тарады го,
Туруктуу жашоо-турмуш жоктугунан.

Акылман карылардын сөзүн укпай,
Акчалуу азгырыкты ээрчий-туурай.
Адилет журт адамы чыгып калса,
Артынан аңдып атып, жолун буумай.

Нускалуу сөз төркүнүн аңдай алчу,
Нысапсыз кылгандарды, көлгө чапчу.
Намыскөй эр азамат - башта көчтү,
Нукура кыргыз журтун, сактап калчу.

Ынтымак болсо элим арабызда,
Ырыскы, кут чачылат арабызга.
Ыймандуу болуп келин, уул-кызыбыз,
Ырыбыз шаңдуу чыгат ырдаганда.

Мекеним Ала-Тоонун, салкын жери,
Меймандос карапайым кыргыз эли.
Мунканбай - жаштарыбыз өссө экен,
Мээримин көрүп, сыйлап ата-энени.
XS
SM
MD
LG