Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Сөз дайра. 16.08.2011


Кыргызстандын телеберүүлөрү менен радиоуктуруулары аба ырайы тууралуу маалымдаганда дайыма “бузулган тил" менен жарыя берүүсүн улантып келет.

Маселен алып баруучу: - Бүгүн Бишкекте ала булут каптап, түштөн кийин жамгыр жаашы күтүлөт (же күтүлбөйт),-деп жарыя кылганды адатка айлантып алган. Мына ушул “Бүгүн Бишкекте жамгыр жаашы күтүлөт” деген сөз тизмегин жакшылап ойлонуп көрүңүзчү?

Айылыңызга барып калдыңыз дейли. Атаңыз сизге кайрылып: “Балам, сыртта күндүн көзү кандай экен, карап келчи?” деп сурап калды. Сиз сыртты карап келип: “ата, бүгүн узак мөөнөттүү жамгыр жаашы күтүлөт. Азыр Батыштан Чыгышты көздөй ылдамдыгы 20 секундга жеткен сыдырым жел сого баштады” деп жооп бердиңиз. Бул жоопту уккан атаңыз, ачуусуна чыдабай, бери дегенде эле таягы менен жондон алы бир салат, ары дегенде “кайран бала, айнып калган тура” деп жаны кашайып тим болот.

Ошондуктан телеканалдар менен радиодогу аба ырайын уктуруп жаткан кыз-жигиттерге, “айланайындар, кыргызча эле: “Бүгүн Бишкекте жамгыр жаайт (жаабаса "жаабайт") деп эле айткылачы дээр элем.

Кыргыз эч качан “узак мөөнөттүү жамгыр жаайт (бул сөз орустардын “проливной дождь” дегенинин сөзмө сөз котормосу) же “кыска мөөнөттүү жамгыр жаайт” (кратковременный дождь” дегендин сөзмө сөз котормосу) деп сүйлөгөн эмес.

“Кыска мөөнөттүү жамгыр эмес”, кыргыз жаап келатып бачым басылып калган жаанды “сокур жаан” деп, күн тийип туруп жааган жаанды “өткүн” деп атаган.

“Узак мөөнөттүү жамгыр эмес” нөшөрлөгөн жаан, кара жаан, ак жаан ж.б.

Кыргыздын татынакай эле кыз-жигиттери экранда, эфирде отуруп алып, мына ушул аталыштарды кыргызча айтуунун ордуна, өз элин өмүрү “жаан, шамал, мөндүр” көрбөгөн, алар эмне экенин билбеген, түркөй, жапайы элден бетер өз элин күн сайын шылдыңдап, күн сайын мазактап, башкаларга шылдың кылып, калькаланган мутант тил менен сүйлөп жаткандыгы үчүн кейийм.

“Саат” тууралуу да ушунун эле өзүн айтар элем.

Мисалы алып баруучу: -Бишкек убактысы боюнча саат 16 болду,-деп кулактандырат. Бул да орус түшүнүгүнөн кыргызга жуккан оору. Ошондуктан 15 саат, 17 саат, 18 саат, 21 саат, 22 саат дебей эле, “ кечки саат 5 болду, түшкү саат 2, кечки саат 6, түнкү саат 12” деп сүйлөп, жазсак туура болмок. Анын үстүнө 15 саат, 16 саат деген 15 будильникти, 16 будильникти түшүндүрүп жатпайбы.

Бүгүн балдардан “Токтогул ким?” деп сурасаң: “Токтогул деген көчө”, “Тоголок Молдо ким?” деп сурасаң, “Тоголок Молдо - парк” деп жооп берген күнгө жеттик. Улуу Чыңгыз Айтматов агабыз маңкуртка айланат деген кыргыз жаштарынын айрымдары “Айтматов ким?” десең “ал деген "обончу” деп орсойот.
XS
SM
MD
LG