Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Жаштыгым, токтой турчу?!


Жалпыбызга сансыз көз ирмемдерди белекке сунган, өзүнө белгилүү даталарды камтыган май айынын 27си. Аллахым кош колдоп тартуу эткен агарып аткан таң мага туура саат 6:00до жакын инсандарымдын таттуу сөздөрү жуурүлушкан калыпта, жадыраган пейил менен өзгөчө маанайда кучак жайды анткени, «Таң заардагы алга карай кадамың кандай ташталса, кызарып күн өз уясынан орун алганга дейре дал ошондой көтөрүңкү көңүлдө күнүң уланат» - деген апакемдин асыл сөзүн жанымдан чыгарбадым. Мына ушинтип жашоомдо дагы бир жаңы барак ачылып, чиймелене баштады. Сен студент, ал студент, мен студент мейли президент, мейли академик, улуу инсан болсун студент болуп, студенттик жашоонун ары кызык, ары машакаттуу күндөрдүн даамын татпады беле? Алар студент аталып, билим кенин казышпаганда төмөндө мен айткан асыл наамдарга жетмек кайда? А бирок ар бир студенттин жашоосу ар түрдүү.

«Бактылуу өмүр жок, бактылуу күндөр гана бар» - деп Андре Терьенин айткан даанышман сөзүнө ынанып жашап келем, жашай берем. Анткени, бирде жыргал күндөрдүн кызыгына суктанып тойбой калсак, а бирде армандуу убакыт азаптуу күндөр. Ар бир күнүмдүн жада калса ар бир мүнөтүмдүн кечээкиге бүгүнкүсү окшобой, айырмаланып, улам жаныланып туруусу үчүн, өзүм үчүн шарт түзүүдөн тажабай келем. Мына ушундай убакыттарда сандаган адамды жылмаюуга дуушар кылган, көз ирмемдерге туш болбой кое албаймын. «Чыйырчыктын бир таңы - жашоомдогу табылга».

Мен өткөзгөн күнүмдөн жок эле дегенде бир жаңылык орун албаса өзүмдү керексиз жандай сезип, өзүмө-өзүм кыжырдана баштайм. Мына ушул сезимдерим көөдөнүмө тынчтык бербей, кычыраган кыштын 3-февралында тайпага жар салып, Алайдын Чыйырчыгына барып эс алмай болдук. Баарыбыз каникулда жүрүп абдан эле сагынышкан көрүнөбүз бир сөз менен макул болдук. Макул болбой ары калчап, бери калчагандардын ойлору менен эсептешкен да жокмун. Алыскы Чыйырчыкка аттанып өзүбүздө жок кубанып алганбыз ырдап-чордоп айтор шаттуу баратабыз. Биз күткөн саат бир заматта ар бирибиздин көкүрөгүбүздөн орун алып, бир оокумга чейин чер жазуу үчүн камдана баштадык. Баарыбыз капаларды унутканбыз бирибиз чана тепсек, а кай бирөлөр лыжа тебүү менен убара. Бир заматта айлананы чексиз туман каптады, андагы биздин бири-бирибизди таппай убара болгон акыбалыбызды көргөн адам кайдыгер калбайт эле. Бир топ эле алыстагылардан дарек жок. А тумандын болсо тарайын деген ниети жоктой. Төрт тарапты айланып жүрүп айлабыз алты кетти. Кыйкырып жатып араң чогулдук, жылтылдап күйгөн үйлөрдүн жарыктарын издей баштадык. Акыры жүрүп бир үйгө туш болдук, ал үйдө жалгыз гана абышка күн кечирет экен. Бизди жылуу - жумшак тосуп алып жай берди. Абышканын ырайымдуулугуна ичибиз жылып, өзүбүздү тааныштырып орун алдык. А бирок эң кызыгы таңкы беште башталды. Ошол күнү өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, бир үйдүн жүгүн жалыз көтөргөн абышка сыркоолоп, абалы начар болгондуктан, түшкө чейинки жумуштарына кол кабыш кылуубузду өтүндү. Бир чети жардам берүүнү каалабасак, бир чети түнкү жакшылыгынан бура тартып кете албай макул болуп, анан шаарга жол алмай болдук. Мына сага! 2 кыз 2 уйду саап, 6 кыз эчкилерди карап, а балдарыбыз болсо тоңуп калган булактын музун чагып, суу ташуу менен алек. Колума челек алып сарай тарапка карай бет алдым. өмүрүмдө уй саап көргөн эмесмин. Группалаштарыман намыс кылганыман тобокелге салып, жанына бардым уйдун сүрү укмуш, тим эле мүйүзү менен челип ийчүдөй болуп тиктейт. Челекти акырын алдына коюп саай баштадым. Колум бир эп келсечи, эптеп эле желиндерин тарткылайм. Болгон күчүм менен тартканга жаны ачышты көрүнөт, уй челегимди бир шилтеп аңтарып, мөөрөп кирди. Берки кыздар болсо мени жеп ийчүдөй болуп тиктешет, баарына сен күнөөлүсүң дешкендей. Көгөрүп жатып, уйду кайрадан саамай болдум. Бул ирет уй унчукпай туруп берди, сааганды бир аз өздөштүргөндөй болдум, кыйналганым менен ошол таңда жашоомо жаңылык кириздим. Бул окуяны эстеген сайын ууртубузда жылмаюу пайда болот. Студенттик каалоолорубуз жай бербей эми минтип жакынкы күндө Чыйырчыктын жайкы күндөрүнө ортоктош бололу деп турабыз.

Дегеле студенттик жашоом эң бир сонун керемет. Ата-энем, жакын инсандарым, санаалаштарым мандайымда, ар бир күнүм рахат менен кыйналуусуз өтүүдө. Күн сайын жаңы нерселерди жаратуу менен алекмин. Бир бий ийримине барсам дагы бир күнүмдү адабий чыгармаларды окуганга арнайм. Бир жумада 7 күн улам алмаша берет, а бирок менин 7 күнүм ар башка өтөт. Тагдырдын табышмактуу сырларын, турмуштун оордугун баштагы билим менен жеңилдетүүгө, ал тургай жеңүүгө мүмкүнчүлүк зор эмеспи, андыктан билим кенин казганга далалат этип, сырдуу жашоонун табышмагын жандырып, жаштыктын жалыңдаган улуу отун өчүрбөй, турмуш менен алпурушуп жашап келем. Жаштыгым узабачы менден алыстарга кайда учасың? Канатында эмнең бар деги? Күчкө толуп турган мезгилимди, кырчындай мүнөттөрүмдү, апакай аруу жаштык сезимдеримди уурдабачы ансыз да мүмкүнчүлүктү кое бербейм, мен сага оңой эле багынып бербейм. Жаштыгымды канатына кыстарып алып зымырабачы мезгил…

Ош мамлекеттик университетинин студенти Сезим Эрмаматова.
XS
SM
MD
LG