Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Мекеним - мени тапкан алтын энем


Ак дилден кызмат кылып элге жaк,

Кара мүртөз зулумдукту четке как.

Элге арнасаң, кайра аласың аны сен,

Артыңдан кууйт, абийир жана атак-даңк.

Мен деле Кыргызстаным өнүксө деген Айданек Эрмекбаева аттуу кызмын. Ар бир кыргыз жараны жерим, элим деп сыймыктанышын каалайм. Мен да мекенимдин келечегин ойлойм, мекеним деп сыймыктанам. Анын өнүгүшүнө, өркүндөшүнө өз салымымды кошкум келет. Ар бирибиз аз да болсо Кыргызстаныбызга салым кошсок, бак-дарактарды, түркүн түстүү гүлдөрдү эгип өз салымыбызды кошсок дейм.

"Кыргызстан бейиштин жери" деп бекеринен айтылбаса керек. Себеби, жеримдин суусу дары, таштары алтын. Кыргыз жерибиз өтө кооз. Тоолорубуз керемет, жерибиз токойлорго бай, алтын, сымап, сурма кен байлыктары көп.

Абасынын тазалыгы, суунун тунуктугу, жерибиздин кооздугу, элибиздин меймандостугу менен да сыймыктана алабыз. Кыргыз жеримдин гүлдөп- өсүшүнө экономиканы жогорулатууга аракет кылуубуз керек. Дүйнөдө кыргыз жериндей жер, кыргыз элинин берешендигиндей калк жок.

“Ата мекеним –алтын бешигим”

Эр жигит сыймыктанат эли менен.

Эң кымбат Ата журттун деми менен,

Эркелетип өстүрдү сени энең.

Кыргыз жерибиз биздин ата-бабаларыбыздан калган, муундан-муунга өтүп келе жаткан, көздүн карегиндей ыйык сактай турган, Ата Мекенибиз бар. Жаратылышыбыздын кооздугун көрүп, өзүңдү Мекеде жүргөндөй сезесиң. Ал эми көлдөрүбүз, кооз жерлерине сөз жок, ажайып жер.

Ата журтка өз салымыбызды кошолу,

Кыргыз жерине болгон сүйүүбүздү актайлы,

Жерибизди кадырлайлы, барктайлы.

Кыргызстандын аянты 198,5 миң чарчы чакырым, ал эми калкынын саны 6 миллионго жетет. Кыргызстанда жети област бар, алар: Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Баткен, борборубуз Бишкек шаары.

“Досу көптү жоо албайт, акылы көптү доо албайт”.

“Өз элин сыйлаган адам, өзгө элден сый көрөт”.

Мекеним мени тапкан алтын энем.

Энеме керек болсо жаным берем,

Мекеним мени өстүргөн улуу атам.

Кубатым, кубанычым сен уулум деген,

Жашарып жаңыланып алга басам.

Жаным бир, жүрөгүм бир кыргыз жери менен!

Сузак районунун Сафаровка айылынан Айданектин дил баянын
мугалими Эрнест Кулумбеков жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG