Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Футбол көргөндүн эмнеси жаман?


Ирандык футбол күйөрманы
Ирандык футбол күйөрманы

Ирандын бийликтери аялдардын коомдук жайларда футбол көрүүсүнө тыюу салышты. «Дүйнөдөгү тынчтыкты бекемдөөгө салымы зор» футболдон алар кандай кынтык тапканын түшүнбөй башым маң.

Ирандык аялдар футболду үйүндө отуруп алып теледен көрсө жазаланбайт, бирок оюнду кафеде, стадиондо, кинотеатрда, же дагы башка коомдук жайда көрсө айып салынып, административдик жазага тартылат. Аттиң десең, андай заманды башка салбасын, анткени мен футбол көргөндү аябай жакшы көрөм.

Айрыкча чоң мелдештер болгондо үй-бүлөң, же достор менен кафеге, же стадионго барып, оюндун кызыгына батып, кыйкырып сүрөп, колдогон командаң топ киргизсе андан бетер чурулдап сүйүнгөнгө не жетсин. Күнүмдүк көртирлик, саясат-паясаттан башың бир топ жеңилдеп, өзүң кошо ойногондой мелдештин энергиясын жуктуруп, мыкты эс аласың.

Футболго кызыгуум уулум мектепке бара баштаган жылдары от алган. Ал жакын досу менен бош убакта спорттун ушул түрү тууралуу маалымат топтоп, гезит-журналдардан түркүн кабарларды кесип алып, экөө жадабай керээлден кечке футбол тууралуу сүйлөшүп олтура берээр эле. Кийин экөө Бишкектеги райондордун биринде өспүрүмдөр клубуна барып ойноп да жүрүштү. «Рысбек байке бизге окшогон балдарды топтоп алып, бекер эле машыктырып жүрөт. Кандай сонун киши», - деп баламдын канча ирет тамшанганын уксам да, ошол кишиге бир барып ыраазычылык билдирип койбогонума эмдигиче өкүнөм. Чын эле балдарды акча албай эле бекер машыктырып жүргөн бир спорттун нагыз күйөрманы экен.

Кийин балам окуган гезит-журналдарды ээрчип окуй баштап, чоң мелдештерди алар менен кошо көрүп жүрүп, футболдун кызыгына берилип кеттим. Андан аялдар үчүн зыяндуу эч нерсе көралган жокмун. Же Ирандын бийликтери башкалардан көрөгөч болуп кетиштиби?

Баса, бүгүн футбол боюнча Азиялык чемпионаттын жарым финалдык беттешүүсү болот. Бизге коңшулаш Өзбекстандын улуттук командасы мөөрөйдү Австралиядан талашса, Түштүк Кореянын командасы жапондор менен беттешет! Алтын медал үчүн соңку мелдеш ишембиде болот. Балдарыңар футболду мыкты ойносун десеңер мелдешти алардын апалары менен чогуу көргүлө!
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG