Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө...


Кагылайын калкым! Манас бабамдын урпактары! Улуу нарк, көөнөрбөс каада-салты бар журтум! Алмустактан келе жаткан, түп-тамырыбыз тереңге кеткен эл болсок да, бүчүр байлап жаңы баш көтөргөн көчөт сымал, эгемендүүлүккө жеткенибизге 23 гана жыл толуптур.

Жыйырма үч бул санды айтуу кандай оңой, бирок басып өткөн эркиндик жолубуз капалуу күндөрдөн куру эмес. Акыркы 10 жыл ичинде эле эки төңкөрүштү башыбыздан өткөрдүк. Биринчисинен экинчиси кандуу да, кайгылуу да болду.

Азаптуу ал мезгилде өзүбүзгө өзүбүз кас болдук, ок атылып, кан төгүлдү. Мөгдөп, алсырап турганда тогуз толгоо бир келип, июнь окуясы төбө чачты тик тургузду. Кайрадан аба кан жыттанды, эне баладан, үй-бүлө тирегинен ажырады.

Убакыт өтүп жараатын айыгып келе жаткандай, а бирок:

Бөлүнбө Кыргыз бөлүнбө,

Бөлүнсөн бөрү жеп кетет.

Бөлүнүп кетти Кыргыз деп,

Бөтөн элге кеп кетет, - деген улуу “Манас” эпосундагы саптар да, болуп өткөн кандуу окуялар да сабак болбогондой. Алсыздыгыбызды арсыздыгыбыз менен айгинелеп азыр да бөлүнөбүз, түндүк-түштүк, улут-уруу, ак-көк.....

Көкүрөктөгү көйгөй көлбүп кетти көрүнөт, кечирип койгула.

“Жакшы тилек - жарым ырыс”, жакшы ойлор жакшы иштерди жаратат дегендей жакшы тилек тилеп, дуба кылалы.

Эл башына журт уюткусу болгон - Кошойдой, акылманы - Бакайдай адамдар келсе экен. Уулдарыбызды кыркчилтен колдоп, эр жүрөк, кыздарыбыз - Курманжан датка, Каныкейдей намыстуу, ишбилги болсо экен. Жаштарыбыз билимге чаңкасын, карыларыбыз ыйман, ынсап жолуна баштасын. Аз болсок да саз бололу, кылымдарга бар бололу, бир бүтүн бололу.

Көйгөйүңдү айтышым керек эле, айта албадым. Ак баракка батырып жаза албадым. Бир Кудайдан суранып тилек кылам, Алла-Таалам унутпа Кыргызстаның!

Кайгырбасын, Кыргызым, кайгырбасын, уулдарынан экинчи айрылбасын. Бөлүнбөсүн кыргызым, бөлүнбөсүн, уулдарыбыз бейкүнөө көмүлбөсүн. 'Кыргыз' деген сезимдер көкүрөктө, майдаланып, жанчылып көөнөрбөсүн.

Ак тилегим менен Нарын шаарынан Айгүл Жетигенова

XS
SM
MD
LG