Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Жетсе да колуң асманга, айылыңды унутпа


Мына ошентип көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан шайлоонун "шайтан оюндары" соӊуна чыкты. Эскерте кетсек, 2015-жылдын 4-октябрында өлкөбүздө парламенттин 6-чакырылышына депутаттарды шайлоо өттү.

Шайлоонун эӊ кызыгы – автоматтык эсептөөчү урналардын жардамы жана ар бир адамдын биометрикалык маалыматтарын тапшыруу талабында болду. Добуш берүүнүн жыйынтыгы мурдагыдай түн ичине калып, шайлоонун “карусель” сыяктуу шайтан оюндарына айланбастан, жарым саат – кырк мүнөттүн ичинде республиканын бардык аймактары боюнча статистикалык маалыматтар интернетке жарыяланып, элдин алдында ачык көрүнүп турду. Кайсы партия алдыда бараткандыгы секунд сайын алмашылып жатты.

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча алты партия алдыга озуп чыкты. Бирок элге партия лидерлеринин өз кичи мекенинен, өз айылынан алган добуштары кызык болду. Кепти президент Алмазбек Атамбаевден баштасак.

shailoo.gov.kg интернет сайтында берилген расмий маалыматтар боюнча, Алмазбек Шаршеновичти өз айылында жашаган эл кандай барктаары көрүнүп турат. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылында шайлоочулардын 94% Кыргызстан социал-демократиялык партиясына добуш берген. Аталган партияга Ош облусу, Ош шаары дагы чоӊ ишенич көрсөткөн.

Ал эми "Республика Ата-Журт" саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жаш болсо да өзү туулуп өскөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Чымкент айылынан 812 шайлоочунун ичинен 708 добушка ээ болгон.

Ушундай эле жакшы көрсөткүчтү Нарын облусунун Жан-Булак айылынын уулу, КСДП лидери Турсунбай Чыныбеков да камсыздай алды.

Быйылкы шайлоодо күтүүсүз чоӊ жеӊишке жетип, үчилтиктин курамына кирген "Кыргызстан" саясий партиясы көпчүлүктүн оозун ачырды. Бул партиянын курамы бардыгына кызык болду. Партиянын жетекчиси Канатбек Исаев өзү туулуп өскөн Чүй районунун Калиновка айылынан мыкты көрсөткүчкө жетти.

Саясий айдыӊда көптөн бери төбөсү көрүнүп жүргөн эл өкүлдөрү Асылбек Жээнбеков, Мыктыбек Абдылдаев, Өмүрбек Текебаев жана башкалар өз кичи мекендеринде ортодон өйдөрөөк көрсөткүчкө ээ болушкан.

Ал эми республика боюнча 6328 добушка гана ээ болгон, жаӊы түзүлгөн “Аалам – партияларга кирбегендердин партиясынын” лидери Жылдызкан Жолдошева өз айылында сыйлуу адамдардын бири экендиги белгилүү болду.

Баарынан кызыгы, шайлоого ат салышкан 14 партиянын ичинен эӊ акыркы болуп “Азаттык” демократиялык партиясынын аты келди. Көрсө, партиянын лидери Азимбек Бекназаров өзү туулуп өскөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылынан 5 адамдын гана добушуна ээ болуптур. Ал эми партиянын экинчи лидери Исмаил Исаков өнөктөшүнөн анча көп алыс кетпестен, Алай районунун Сопу-Коргон айылынан 44 добуш гана топтой алган.

Кандай болсо жа, адамдын жакшы атын да, жаман атын да өз эли чыгарат. Кулундарынын ийгиликтерине айылдын эли чын пейили менен кубанат.

Урматтуу эл өкүлү болуп шайланган жаш депутаттар! Эмитен элиӊерди колго алгыла. Жетсе да колуӊ асманга, айылыӊды унутпа деген сөздү унутпай жүрүшүңөрдү каалайм.

Карыбекова Сейил

XS
SM
MD
LG