Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Талыкпай окуу гана максатка жол ачат


Сүрөттө Ош шаарынын жаштары.
Сүрөттө Ош шаарынын жаштары.

Жашоомдун кызыктуу күндөрү, дал ушул студент статусун алгандан кийин башталды.

Ал күн эч качан эсимден кетпейт, 2012-жылдын 12-июлу. Таң атпай шаша-буша кийинип, конкурстун жыйынтыгын көрүүгө Медакадемияга жөнөдүм. Келсем абитуриенттердин көптүгүнөн бут коёорго жер табылбайт, араңдан зорго конкурстун жыйынтыгы илинип турган тактайчага жетип, өзүмдүн катар номурумду издей баштадым, окууга өткөндөрдүн саны абдан көп экен, алардын арасынын өзүмдү да таптым. Сүйүндүм, муну көзүмдөн мөлтүрөп тамган жаш далилдеп турду.

Арадан бир жарым ай тез эле өтүп, көптөн көп күткөн студенттик жашоонун жаңы баракчалары ачыла баштады. Мени эмнегедир окуу жай башкача мээрими менен тосуп алды, аурасы абдан жагымдуу эле… А бирок, кызыктын баары али алдыда.


Күндөр өтүп, окуу уламдан улам татаалдай берди. Адамдын анатомиялык, гистологиялык түзүлүшүн, физиологиялык функцияларын түшүнүү бир кыйла кыйын, ошону менен катар эле абдан кызыктуу. Анатомия китепти кучактап, кирпик какпай таңды атырган учурлар көп эле болду, ошол учурларда абалым жанга батып кетчү, көңүлсүз күндөр, айла жок көздөн аккан жаш. «Жаш кезде берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү» дегендей, алдыда дагы көптөгөн кыйынчылыктар күтүп тургандыр, студент кезде турмуштун ысык-суугун көрүп алсак, келечек бизди жакшы жемиштери менен кубандырат деген ишенимдемин.

Алгачкы практика. Биз мурун дарыгерлердин, медсестралардын жумушун жөн гана көрүп жүрсөк, эми өзүбүз да аралашып, оорулуулардын абалын сурап, баарлашып, аларга ийне сайып, аз да болсо өз кесибибиздин түйшүгүн баамдадык. Башкача сезимдер, мүмкүн болсо, азыр эле дарыгер болуп иштегибиз келип турду. А алдыда, талыкпай билим алуу.

Мага ушул учурга чейин таасирдүү тарбияны билим деп умтулган аракеттерим жана окуу жайдын мугалимдери берүүдө. «Студент кез бул жашоого болгон көз карашты тереңдетүү жана жашоону үйрөнүү»,-деп мектептеги мугалимим таамай айткан эле. Андыктан азыркы учурдун ар бир мүнөтү биз, студенттер үчүн абдан маанилүү, аракетибиздин жетишинче окуу жайыбыздан баалуу, жашоодон жеткиликтүү тарбия алганга умтулуп, бүгүнкү күндүн аракети менен өлкөбүздүн эртеңки келечегин өзүбүз куралы!

Айсулуу Кубатбекова

XS
SM
MD
LG