Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:17

Маданиятка өгөй мамиле


Маданият кызматкери бүгүн базар экономикасынын шарттарына жана заман талабына ылайык кесипкөй болуусу шарт. Айрыкча көпчүлүк элет жерлеринде клуб башчылары, райондук маданият бөлүмүнүн жана башка маданий мекемелерде иштеген кыматкерлердин басымдуу бөлүгү совет мезгилиндеги билим деңгээли менен калып келет.

Чынында азыр жогорку окуу жайларда окуу программаларынын маңызы болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Союзда административдик-буйрукчул жана пландоо экономикасына негизделген окуу пограммасы болгону белгилүү. Азыркы рыноктук заманга эски программа шайкеш келбей калды.

Ушул себептерден улам жер-жерлердеги маданият кызматкерлеринин адистигин арттыруу жана кадрларды кайра даярдоо окуу курстарын мамлекеттик деңгээлде жүргүзүү зарыл деп ойлойм. Жок эле дегенде ошол кызматкерлер бүгүн маданий чыгармалар базар экономикасынын шарттарына ылайык товар болуп калгандыгын, ошол эле товарды ар кандай жол менен сатып, ишкердик менен алек болуу мүмкүндүгүн билип алышса, эч кандай зыян болбой, кайра түрдүү тематикадагы нарктуу жана сапаттуу чыгармалардын жаралышына жол ачылат эле.

Албетте бул проблемалар үчүн ал кызматкерлерди же ошол тармактын жетекчилерин күнөөлөй албайбыз, себеби алардын билим көрөңгөсү менен тажрыйбасы бүгүнкү талапка жооп бербейт, жогоруда айткандай, алар эски билим менен гана эптеп “өгүз өлбө, араба сынба” болуп келе жатышат.

Акыркы күндөрү кыргыздын таланттары дүйнөнү дүңгүрөтүп, эл-журтуна дем берип, зоболосун көтөрүп турган чак. Бүгүн Атай менен Гүлжигитти ким билбейт? Эгер аймактардагы маданият кызматкерлеринин билими, адистик камбылдыгы базар экономикасынын шарттарына төп келсе, бул экөөнө окшогон дагы көптөгөн таланттар чыгаарынан күмөн санабайм.

Чынын айтсак, мамлекет тарабынан маданият тармагына ойдогудай каражат каралбай жатат, бул тууралуу мен мурдагы миңсанатымда да айттым эле. Аны дагы бир сыйра эске салайын: 2012-жылы маданият тармагына 700 миллионго жетпеген каражат каралган, ушул каражат менен кантип маданиятыбызды өнүктүрүүгө жана реформалоого болот? Анткени бул каражат бюджеттин бир пайызына да жетпейт. Ал эми маданияты төмөн калк өнүгө албасы анык деп мен Америка ачпай деле койсом болот.

Мамашарип Чотонов,
экономика илимдеринин кандидаты.
XS
SM
MD
LG