Балалыктын асманы
Чокулары асман тиреп, жайкысын эркин шамал ойносо, кышында бороон-чапкыны күч Памир тоолорунун арасында эки айыл бар. Айыл деген аты эле болбосо, бул кадимки көчмөн кыргыздардын кыштоосу.
Эки айылдын эли бирин-бири беш колундай тааныйт. Уул үйлөп, кыз беришип жана да күнүмдүк тиричиликтеги мамилелери аркылуу бири-бири менен чырмалышып, эбак туугандашып бүтүшкөн. Жада калса, бул эки айыл: Улуу Памир, Кичүү Памир деп, аталышы да эгиздей окшош.
Дүйнө эли ХХ кылымдын бардык жетишкендиктеринин үзүрүн көрүп жашап аткан маалда, бул бир ууч тоолуктар аны менен эч кандай чатагы жок, дале көчмөн турмушту баштан кечирүүдө. Бирок жаңылык жерде жатмак беле, деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийиктиктеги бул аймакка да аз-аздан жылып кирүүдө. Шакирдин үйүндөгү жападан жалгыз жаңылык бул – үналгы. Аны азык-түлүк алганы жакага түшкөндө бир пуштундан сатып алган. Ошондон бери үй-бүлөсү менен ыр-күү угуп, жыргап калышты. Айрыкча алты жаштагы уулу Касымбек комуз күүлөрүн, Токтогулдун Топчубайга арнаган ырын жантыгынан жата калып угат.
Улуу тоодо 1978-жылы чоң окуя болду. Рахманкул хан жыйын чакырып, аксакалдарга «советтик аскер жакында Ооганстанга кирет экен» деген кабарды угузду.
"Биз башынан Советтерге каршы келгенбиз. Силерге пайдасы тиеби же жокпу билбейм, мага зыяны бар. Ошондуктан мен убактылуу Пакистанга өтө турайын", - деп ортого маселе коёт.
- Башчысы жок биз кантебиз анан? - дейт көпчүлүк.
"Эгер мен бул жакта калсам советтик аскерлер курал колдонуп, кан төгүлүп кетет. А мени качып кетти десеңер, силерди жайыңарга коёт" деп ойлойм.
- Жо-ок, Рахманкул хан - дешет аксакалдар, – жана өзүң айткандай, ушу турган элдин баары башынан советтерге каршыбыз. Аларга «качып кетти» деп сени жаманатты кылып, жагына албайбыз. Алардан кечирим болгон күндө да, өз абийирибиз кечиреби бизди!? Андан көрө, өлүү болсок бир көрдө, тирүү болсок бир жерде сени менен бололу!
"Баарыбызды Пакистан кабыл алар-албасы да күмөн, жол дагы алыс. Анан калса, мал-жаныңар менен чөлдүн жашоосуна көнө аласыңарбы? Бул дагы чоң маселе. Мен силердин убалыңарды көтөрө албайм", - дейт Рахманкул хан.
- Убалыбыз өзүбүзгө! – Карыянын оозунан чыккан бул сөздү көпчүлүк дуу коштоп кетти. Жыйын ушуну менен бүтүп, акыры эл жапырт көчмөй болуп тарашты.
Улуу тоонун эркин жели менен жарыша чуркап, эч нерседен бейкапар чоңоюп жаткан Касымбек үчүн ушул жыйын чоң турмуштун көшөгөсүн ачты. Көрсө, советтик чалгынчылардын буту кезегинде Памирге да жетип, Рахманкул хан уулу экөө жайлоодогу боз үйүндө олтурганда капыстан кирип келишиптир. Анан ок менен ууну көрсөтүп, «бул сага чыгарылган өкүм, экөөнүн бирин танда» дешет. Айласы кеткен Рахманкул хан ууну тандаптыр. Чалгынчылар ата-балага зордоп уу жуткуруп атканда өлүмгө арачыдай болуп, жакын жерден айылдаштарынын үнү угулат. Ошондо чалгынчылар «булар эми өлөт» деген ойдо боз үйдөн шашып чыгып кетишет. Алар чыгары менен Рахманкул хан айран куюлган идишти көтөрүп, уулун да «ич» деп жаңсайт. Өздөрүнүкү түгөнгөндө кошуналарынын айранын таап ичишип, баласы экөө аман калышыптыр.
Ушул окуя чоң жыйындан кийин эл оозунда көп айтылып, эми советтик аскерлер келсе ханды соо калтырбасы кызуу кеп болуп жатты. Мындай окуяны жомоктордон гана укчу Касымбек ошондо «советтер» деген душман бар экендигин жана алардан качып Памирде жашап калышканын эң биринчи ирет билди.
Жол азабы…
Ошол жылы Касымбек жети жашка чыккан. Эки айылдын эли түп көтөрүлө көчтү. Эр-азаматтар мал-келди айдаса, карыялар менен аялдар жаш балдарын өңөрүшкөн. Көч арасында бирде мал айдаган аталарына, анан кайра апаларына чапкылаган өспүрүмдөр гана көңүлдүү. Ал эми чоңдордун өңүндө болсо, «алдыда эмне болот?» деген кабатырлануу бар.
Чындыгында көч деген аты гана болбосо, тоолуктардын бул жүрүшү качкындарга көбүрөөк окшош. Тигилген боз үйлөр чечилбей, идиш аяктагы айран-сүт куюлган бойдон ордунда калды. Кийим-кечек, анча-мынча жууркан-төшөк жана жол азыгын гана алышып, шашылыш жолго чыгышты. Ушунун баарын көзү көрүп, өзү аралашып жүргөнү менен жакшы түшүнө албай, көч арасында Касымбек да баратат. Демейде жайыт которуп көчкөндө журтта түк калтырышчу эмес. Бу сапар эмне болуп кеткенин аңдай албай, «кыязы, кайра эле келебиз го» деген бүдөмүк ойдо. Аны сурап билгиси келет, бирок кийинки күндөрү аз сүйлөп, өтө эле түнт болуп алышкан чоңдорго даабайт.
Жол азабын тарткан көчмөндөр туура жарым ай дегенде арып-ачып, Пакистандын чек арасында турушту. Кудум жоокерчилик заманындай каза болгондорду ыкчам жерге берип, жолдо катуу жүрүшкөн. Төрт миң метр бийиктиктеги салкын абага көнгөн тоолуктарга жол азабы бир тең, чөлдүн ысыгы бир тең болду. Бир чети ысыкты көтөрө албай, экинчиден тоют тартыш болуп мал кырыла баштады. Ич-келте болуп кары-жаш жыгылды. Шаштысы кеткен көчмөндөр жан айласын кылып, мал-келин жергиликтүү элге арзан сатып жатты. Ошондо бул азапка чыдабай, 30 үй-бүлө кайра артка кайтты. Бийликтен жашаганга уруксат алганы менен, калган 290 түтүндү канатына калкалай албай Рахманкулдун да айласы кетти. Акыры бир күнү жыйын куруп:
"Чогуу болсок бөөдө кырылып калабыз. Ошого жеткирбей жергиликтүү элге жеке-жарымдан сиңип кеткиле. Айласы табылганда кайра өзүм чогултуп алам», -деп таратат.
«Кыргыз кайда, биз кайда?»
Улуу тоонун катаал, бирок эркин жашоосуна жедеп көнгөн тоолуктар ошентип бөтөн элдин жашоо-шартына да моюн сунду. Колдогу малдарынан ажырап, карандай баштарын аман сактап калуу үчүн жергиликтүү элге жалданып, жан бакканга аргасыз эле. Ал ортодо да «бечелди жөтөл тооруйт» болуп, өлүм-житим көп болду. Ыйлап-сыктап, бири бирине жөлөк-таяк болгон көчмөндөр буга да түттү.
Туура бир жыл дегенде Рахманкул хандан «Гилгитке чогула бергиле» деген кабар келди. Пакистандын өкмөтү, эл аралык уюмдардын эшигин жыртып жүрүп, ар кайсыл айылда самсаалап, тирилик кылып жүргөн элине чатыр тиктирип, качкын макамында жашаганга шарт түзгөнгө жетишиптир. Ошол чатырларда эл аралык уюмдардын колдоосу менен тоолуктардын үч жылдык жашоосу өттү. Ишке жарамдуулары эркек-аял дебей эртең менен чыгып, күнүмдүк оокат үчүн жан үрөп, жалданып иш аткарышат. Карыялар менен балдар болсо кечке чатырда. Мындай аптаптуу узун күндөрдө карыялар кыргыздын санжырасын, жомок айтып бала-чаканы алаксытат. Ошол жомокту кунт коюп уккан мадырабаштардын арасында Касымбек да бар. Ал өзү теңдүүлөр менен чатырда урду тилинде да окуп, «кыргыз кайда, биз кайдабыз?» деген суроону көкүрөгүндө түнөтүп жүрдү. Кийин бул суроо аны өмүр бою коштоп, Мекен деген чоң арманга айланарын анда кайдан сезсин?
Ошондой күндөрдүн биринде Рахманкул хан дагы жыйын чакырды. Көрсө, келечекти ойлонгон хан жөн жатпай, чоң өлкөлөргө «качкын кыргыздарды кабыл алгыла» деген өтүнүч менен тынбай төрт жыл кат жазып, акыры ал катына оң жооп алыптыр.
"Америка менен Түркия бизди кабыл алганга макул болду. Ушул эки өлкөнүн бирин тандагыла деп силерди жыйынга чакырдым", - деди Ракманкул хан. Анда аксакалдар:
- Биз эмнени билмек элек, жашоо-шартына карап өзүң танда, - дешет.
"Америка бизди Аляскага жайгаштыралы дейт. Ал жакта кышы узакка созулуп, суугу да катуу. Түркия болсо бизге жакын, дилибиз, динибиз бир элбиз. Анын үстүнө бизге малга ылайыктуу жер бөлүп бергенге да макул болду. Мен Түркияны тандайм", -дейт Рахманкул хан.
Сөз ушуну менен бүтүп, жыйын тарады. Көп узабай Түркиядан адамдар келишип, чоң-кичинесин калтырбай каттап кетишти.
Улуу көч
Пакистандагы төрт жылдык азаптуу турмуштан жалкып бүткөн тоолуктардын бул жолку көчү өзгөчө эле. Мурдагыдай топоз менен төөгө жүк артып, атчан-жөө эмес, атайын дайындалган автобустарга олтурушуп Пакистандын аэропортуна келишти. Өмүрү самолет көрбөгөн тоолуктар ошол жерден биринчи жолу «Боинг» авиалайнерине түшүп, Түркияга учушат.
Адана шаарына келип түшкөн көчмөндөрдү түрк бийлиги Ван вилайетинин Аргы, Каракундуз айылдары жана Малатья шаарына бөлүп жайгаштырат. Ошондогу учурду биздин карга шыйрак каарманыбыз, азыр болсо «Памир маданиятын окутуу» коомдук уюмунун жетекчиси Касымбек Шакир уулу минтип эскерет:
-Биз түшкөн автобус түз эле Ванга келип, бир кабат үйлөрдүн жанына токтоду. Бөлмөлөргө килем, көшөгөлөрдү тартып, жашаганга ылайыктап коюшуптур. Тамак-ашыбызды Түркия Кызыл жарым ай коому бир жылча даярдап, алып келип берип турушту. Анан биздикилер - минтип «ашка жүк, башка жүк» болуп жата албайбыз, өз тамагыбызды өзүбүз таап жегенге шарт түзүп берсеңер деген өтүнүч менен бийликке кайрылышты. Мамлекет анан бизге кредитке үй куруп, жер берди.
Бул жылдары Касымбек окуусун түрк тилинде улантып, дүйнө таанымы кеңейип, эс тарткан сайын Мекенге болгон сагынычы артат. «Азаттык» радиосу обого чыгар мезгилди чыдамсыздык менен күтүп, өмүрү көрбөгөн Кыргызстандын жашоосуна кыялы менен гана чабыттап, аралашып жүрдү. Улуу Памир тоолорунда берилип тыңшаган кыргыз ырлары да ушул «Азаттыктан» уктурулганын ал ошондо түшүндү...
Ата журттан айрылган адамдын арманы, жашоодогу максаты башкача болот тура. Мен муну Бишкектеги кеңседе Касымбек менен көзмө-көз аңгемелешип отурганда байкадым. Турмуш кандай катаал сыноолорго салбасын, улуупамирликтер аны улуу тоолордой чыдап көтөргөнүнө ичимен таң калдым. Жашоодогу кайгы-кубанычын өтө сабырдуулук менен көтөрүшүп, ошол эле учурда эл катары жоголуп кетпей, улуттук каада-салтын муундан-муунга мурас катары өткөрүп келе жатканын карабайсызбы!
Азыр эми заман өзгөрүп, өмүр бою көздөн учкан Ата журтка келип кетүү оңой-олтоң иш болуп калды. Ал ортодо арадан жыйырма жыл өтүп, бир кездеги жатып-туруп уккан жападан жалгыз «Азаттыктын» ордун толгон-токой маалымат булактары толтурду. Бирок, ошентсе да боордошторубуздун өз Мекенине көчүп келсек деген изги тилеги али аткарыла элек. Буюккан көчтү бир кезде жок болуудан сактап калуу аракетин Рахманкул хан көрсө, кыясы эми бул милдет Касымбекке артылды көрүнөт. «Памир маданиятын окутуу» коомдук уюмунун жетекчиси жана Ван чөлкөмүндөгү Улуу Памир айылынын башчысы катары бирде Кыргызстанга кат жолдосо, бирде Ооган жергесиндеги Улуу Памирде калган бир боорлорунан кабар алып, жашоосунда деги тыным жок. Бирок анысын эч бирөөгө милдет кылбай, догун да артпаган карапайым бул инсанда «Мекен» деп көздөгөнүнөн кайра тартпаган кусалыктын учкуну жанып турат.
Жакында Касымбек менен таанышканыма туура бир жыл толот. Бирок, күнү кечээ аңгемелешкендей болуп, анын айткандарын эстеген сайын көөдөнүмдө жылуулук жанат. Анан ичимден ага «Улуу көчтү улаган, бар бол кыргыз урпагы!» деп ден соолук каалайм.
Абдыжапар Нурдинов