Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Азыркы гезиттер тарбиялайбы же?..


Баткендеги гезит саткан күркө
Баткендеги гезит саткан күркө

Чоң атамдын туулуп өскөн жери Буйга айылы. Аты айтып тургандай тоо курчаган буйга жер. Кырга чыгып карасаң чөйчөктүн ичиндей болуп даана көрүнөт. Мал чарбачылыгы менен алектенген меймандос, ток пейил эли бар. Чогула калса тээ санжырадан тартып бүгүнкү саясатты да катыра кеп кылышат. Ал жерде менин балалыгымдын бир үзүмү калган. Айылда законду чемичкедей чаккан, 90го жакындап калса да зыңкыйып ат минип, өйдө-ылдый (жайлоо-шаарга) каттап турган, сураган жаңылыктардан жобурап кеп кылып берген, өзгөчө мүнөзү, өзгөчө жүрүш-турушу бар, балдарым кылат эле деп жатып албаган эмгекчил Манай деген аба жашайт. “Манай абадан сураш керек”, “Бир билсе Манай аксакал билет” дешип, эл ага кулак түрүп турушат. 6-классымда ал айылга көчүп барганбыз. Анын мынчалык билимдарлыгынын сырын тууган-досторумдан сурасам, гезиттердин бир да санын калтырбай окуп турарын айтышты. Анын чатырында таңгак-таңгак гезиттер, журналдар бар экенин укканда аябай таң калдым. Баласы тамаша иретинде “Эгер кокус атамдын үйүн өрт алса, тамдын башындагы гезиттери эки күн күйсө керек” – деп айтканы бар экен.

Манай абанын небереси Канат деген досум мага жолуккан сайын эле легендарлуу боксёрлор Жо Луис, Сонни Листон, Жо Фрейзер, Рокки Марчиано, Мухаммед Али, Рой Жонстор тууралуу кызыктуу аңгеме куруп берет. Атактуу адамдардын өмүр жолунан кеп салат. “Мунун баарын каяктан билесин?” - десем, “Таятамдын тамбашысы толо гезит, ошодон окуйм” –дейт. Анан мага да ошол гезиттерди берип туруусун сурандым. Ошентип жашоомдо жаңы барак ачылды. Канат досум ар күнү гезит көтөрүп келет. Чыкканына алда канча убакыт өтсө да мен үчүн кызыктуу маалыматтар бар кыргыздын тунгуч гезитин тамак бекитип ичкен ач немедей жашынып жүрүп окуйм. Өлкөдөгү акын-жазуучу ага-эжелерди, алардын ырларын ушул гезиттен тааныдым. Анан мен да ушуларга окшоп акын болгум келе баштайт. Ал гезиттин сандарында бир бети бүтүндөй спортко берилчү экен. Спортчулардын өмүр жолун окуп спортчу болгум келип кетет. Жо Луистен тартып Майк Тайсонго чейинки атактуу боксчулар, киноактерлор Брюс Ли, Жеки Чан, кезинде планетаны айланып чыккан кыргыз кикбоксунун тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калган “Гермес Профинин” тарбиялануучулары менен гезиттен таанышып, кыялымда дос болуп калдым. Ал кездеги чебер спортчулар Руслан Абасов, Жанбулат Амантаев, Анвар Ибраев, Сатыбек Исакеев, Өткүр Кудаяров, Канатбек Сыдыгалиев, Мирбек Сүйүнбаев, алардын устаты Александр Воиновдор менин кумириме айланды. “Карап тургула, шаарга барсам эле кикбокска жазылам” –деп кыялдангам. Капка топурак толтуруп койгулап да жүрдүм.

Чоң кишилер кайсы окуядан кеп кылса дароо тартынбай аралашып кетем. “Сууга барсаң көлдөн чыгат, жайга барсаң көрдөн чыгат, согушту айтсаң окоптон чыгат” деген лакапка мен да татыктуу боло баштадым. Ал кездеги өлкөнүн таасирдүү адамдарынын, саясатчылардын, өнөрпоздордун, спортчулардын аттарын, кай жерде туулганынан бери божурап айтып салчубуз. Кыскасын айтканда, ошол кездеги Манай аба жыйып койгон гезиттер мага чоң атамдын азгантай китептеринен тышкары бир топ азык болуп берди десем аша чапкан болбойм. Бала кезде кыялдангандай шаарга окууга келип эле кикбокска жазылдым. Ийгиликтер да болду. “Герместин” балдарындай болуп өлкөнүн, дүйнөнүн чемпиону болом деген кыялдарым ишке ашкан жок. Анткени, мени бир кездеги гезиттен тааныш болгон акын-жазуучулар азгырып туруп алды. Анан үчүнчү курсуман соң чыгармачылык, жазмакерликтин артынан түштүм. Бала кездеги кыялдарым, кызыгууларымды ишке ашырууга аракет эте баштадым. Ушунун баарына гезиттердин салымы бар.

Айылдагы Манай абанын куржунунун ичиндеги гезиттер менин чакан дүйнөмдү ачууга жардам берди. Азыр болсо ошол дүйнөмдү байытуунун үстүндө жүрөм. Айылга барган гезиттер мен өңдүү канчалаган улан-кыздардын кызыгуусун ойготуп, талантын ачканга себеп болду экен? Оуу, ал кезде мага гезит турмуштун айныгыс закондорун кучагына алган бүтүндөй аалам сезилер эле. Эмичи? Эми кандай чыгып жатат болду экен? Саясаттан башка жаштардын дүйнөсүн ача алчу кызыктуу маалыматтар азыр чыгып турабы? Интернет чукулап отуруп, гезит окууга кызыкпай деле калыпмын. Бирок, колго тийгенин барактап коем. Дегеле мен бала кезде жата калып окуучу гезитти кезиктирбедим. Ичи толо саясат, ушак, мактамай, жактамай... Маданий беттен, спорт рубрикаларынан да саясаттын жыты чыгып турат. Айылдарга жетет бекен гезиттер? Же ар бир айылдын Манай абалары барбы?

Омокеев Улукбек, блоггер

P.S Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG