Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:22

Жерибиз желим бөтөлкө, баштыкчаларга көмүлүп калганы тынчсыздандырат


Кыргыз тоосу.
Кыргыз тоосу.

Мен кайсыл жерде төрөлдүм? Кимдин элинде жашап, кимдин эшигинде, кимдин колунда өсүп тарбияланып жатам?

Ушундай суроолорду өзүмө берип, кайра жооп издейм. Ал жоопторду оңой эле таптым. Бирок, бул суроолордун жообу узунураак экен.

Табияты кооз, асманы ачык, абасы таза, кыргыз мамлекети – Кыргызстанда, өз ата-энемдин алдында, алдейлеген бешигинде термелип, тарбияланып келе жатам. Ушундай жакшы тагдырды мага буйруган Кудайга ыраазымын. Анткени мен өзүмдү башка жактын, бөлөк элдин, бөтөн жердин бактылуу жашоочусу катары көрө албайм.

Мен Үркүн алааматын элестеттим. Каргашалуу окуяга эмдиги жылы 100 жыл толот деп, мектепте ар кандай иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Кыргыздар өз жерин таштап, үркүп Кытайга качып барышканын тарыхтан билебиз. Тирүү калыштын аргасын кылып, Кытай жеринде 3 жашар чачы саксайган небересин бир ууч талканга сатып олтурган чал жөнүндө окуянын кыскача сүрөттөлгөн жерин 6-класста кыргыз тили сабагында көнүгүү катары иштегенбиз.

Ошондой өлбөстөн күнүн көрүп бөтөн жер, бөтөн элде кор болушкан чоң ата менен неберенин элеси көпкө чейин көз алдыма тартылып жүрдү. Бири карыганда ушундай оор тагдырга кабылса, экинчиси жашабай жатып, кыйын турмуштун ачуу даамын тартып турган кези. Бул сүрөттөлүш ошондогу миңдеген кыргыздардын картинасы. Ушуларды элестетип, азыркы күнүбүз үчүн дагы бир ирет жаратканга миң мертебе ыраазы экендигимди айткым келет.

Ата-энемдин жанында курсагым ток, досторум менен ойноп-күлүп, мектепке барып, билим алып жашап жатам. Кыргыз мамлекетим, Ата Мекеним мага ден соолугумдун чың болушуна, акысыз билим алышыма, ошондой эле укуктарымдын корголушуна кам көрөт. Мындан артык дагы мага окшогон балдарга эмне керек? Ошондуктан өз мекенимди чексиз сүйөм. Кыргыз жеримдин сулуулугу, жылуулугу мени эртеңки күндө мекенимдин гүлдөп өсүшүнө салым кошууга үндөйт.

Жерибиз айыл-шаарларыбыз кооз, татынакай экендигине карабай, өз колубуздан таштандыга толуп, желим бөтөлкө, баштыкчаларга көмүлүп калганы мени тынчсыздандырат.

Буюрса келечекте мен дал ушул көйгөйдү чечүү үчүн, мекенимде айлана-чөйрөнүн тазалыгы үчүн бардык күчүмдү жумшайм, деп тилек кылам. Андай ишке аракетти азыртадан баштасам дейм. Досторумду, коңшуларды балмуздактын, семичкенин кагаздарын, жана айткан желим бөтөлкөлөрдү көрүнгөн жерге таштабагыла деп айтам, түшүндүрөм деп максат койдум. Айтканымды бири укпаса, дагы бири угар деген үмүттөмүн. Бул аракетим жеримдин тазалыгына аз да болсо салымым болор деп ишенем.

Кийинчерээк айылдарда деле кадам сайын таштанды челектерди орнотконго жетишип каларбыз. Алдыда Кыргызстанымдын тазалыгы үчүн көп иштерди аткарам деп ишенем. Көз алдыма эртеңки келечекте гүлдөп өскөн, эртеңкиси ишенимдүү, кооз, сулуу, эли маданияттуу жана билимдүү Кыргызстаным турат.

Шаакеримова Сымбат

XS
SM
MD
LG