Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Жашоо ушундай өз нугунда жүрө берет экен


Айта берсең сөз жеткис, үч миң жылдык тарыхы бар, калаанын как ортосун жарып өткөн Ак-Буурадай дайрасы, Сулайман-Тоо менен Керме-Тоодой тоолору бар Ош шаары, Кыргызстандын бермети болгон, канчалаган бай туристтерди өзүнө тарткан касиеттүү Ысык-Көл, баатыр Манас атабыз жердеген, Чыңгыз Айтматовдой жазуучу чыккан Талас өрөөнү, тоо менен талантка, суу менен ГЭСке бай көркөмү сонун Жалал-Абад. Өрүкзарлуу Баткен аймагы. Койнуна баарын батырган, көп улутту чакырган керемет, кенен кең Чүй бар. Тоолору асман тиреген Нарынды айтпай койсок болбостур. Мамлекетин борбору болгон берекелүү Бишкек шаарым. Баарынан айланса болот...

Ар-бир адамдын, туулган жери ыйык мекен болуп эсептелет эмеспи. Кыргызда накыл кеп бар "Туулган жердин топурагы алтын"- деген. Өзүңдүн туулуп өскөн айылыңдан же болбосо мекениңден алыс чыксаң, албетте, сагынасың. Бөтөн эл, бөтөн жер, бөтөн маданият дегендей...

Кыргыздын тарыхы бай жана тээ тереңде жатат. Илгери ата-бабаларыбыз чогуу жашап, коркунуч келсе баары тең бирдей каршылык көрсөтүшкөн. Кийинки кыргыздар уруу-уруу болуп, топ-топ бөлүнүп күн кечиришкен. Азыркы мезгилде баарыбыз ынтымакта, бир багытты көздөй умтулуубуз абзел. Ошондо биздин мамлекет гүлдөп өнүгөт деп ойлойм. негизи жашоо ушундай өз нугунда жүрө берет экен. Бирок баарыбыз бир жолду, болгондо да туура жолду тандашыбыз керек.

"Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн" - деп коет эмеспи. Муну менен эмнени айткым келди? Албетте, биз баарыбыз өлкө башчысын колдосок, ал да бизди колдойт. Кыргыз эли башынан кандай күндөрдү өткөрбөдү. Кандай кыйынчылык болбосун, башына кандай мүшкүл иш түшпөсүн бардыгын жеңди. Акыры келип ушул доорго, жыйырма биринчи кылымга келип жеттик.

О, кыргыз жараны, өзүңдүн урп-адаттыңды, маданий мурастарыңды, тилиңди, дилиңди көкүрөгүңө тумар кылып илип жүр. Эч качан аларды эсиңден чыгарба. "Убакыт учкан куш" деп коет эмеспи, убакыт өтөт башка нерселерди эсиңден чыгарат. Бирок убакыт менен кошо көкүрөгүңдөгү тумарды, адамгерчилик менен атуулдукту кошо жулуп салба. Ата-бабабыз калтырган мурастарды, андан ары улантканга аракет кылалы...

Үй-бүлө бул мамлекеттин башатын түзөт. Ар бир үй-бүлө тынчтыкта, бейпилдикте жашаса мамлекетте да тынчтык өкүм сүрөт. Ар бир адам баласы өз жерине - мамлекеттине, салым кошууну максат кылат эмеспи. Максаттарыбызды ишке ашыруу үчүн татыктуу билим, жакшы тарбия алуу абзел.

Мен келечекте өз өлкөмдүн туризм тармагын өнүктүрүүнү каалайм. Биздин мамлекет негизинен тоолуу аймактардын катарын толуктайт. Сырттан келген элдерди өз мекенимдин эң кооз жерлерин көрсөтүп, башка мамлекеттер сыяктуу эле дүйнө жүзүнө тааныткым келет. Тарыхы бай, табияты кооз Кыргыз мамлекетинин келечеги кең. Жогорку Кеңеш тарабынан чыгарылган мыйзамдарга баш ийип, аны так аткарууга, каада-салттарыбызды унутпоого аракет кылалы. Кыргызстан негизинен өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин катарына кирет эмеспи. Мен кыргыз жеримдин мындан ары да гүлдөп-өсүшүнө терең ишенем жана өз салымымды кошкум келет.

Уланбек кызы Гүлмира

XS
SM
MD
LG