Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Тоолорубузга эс алуучу жайларды курсак сонун болмок


Уламышка караганда Манас бабабыз ушул керемет Ала-Тоого кыргыз элин көчүрүп келген дешет.

Кыргыз болуп жаралганыма абдан сыймыктанам. Менин кыргыз жергемдин бийик-бийик тоолору, кооз жаратылышы адамды суктандырып турат.

Жергебизде ыйык жерлер, көлдөр, эс алуучу жайлар көп. Атап кетсем, Ысык-Көл, Сары-Челек, Чычкан, Арстанбап, Сулайман-Тоо дагы-дагы башка жерлер.Туристтер келип турушат. Алар биздин жерге абдан кызыгышат. Себеби биздин мекенибиз абдан кооз эмеспи.

Келечекте мен дагы окуп билим алып жакшы бир элдин керегине жараган кесипке ээ болсом деп тилейм.

Тоолорубузга эс алуучу жайларды курсак сонун болмок. Кыргызстанга келген туристтер арбымак. Элибиз бай жашаса, жерибиз мындан дагы кооздугу артып турса кандай жакшы. Бизден кийинки муундар дагы кыргыз жерине сыймыктанып турушмак.

"Бирди билген-тирик, Миңди билген-билик", - деп эл макалында айтылгандай, көп окуп, көптү билсең элиң үчүн аябагандай чоң эмгек жаратса болот.

Мен мекенимдин гүлдөп- өсүшүн каалайм.

Кайсарбаев Байел

XS
SM
MD
LG