Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:54

Саясатка ишенбей, бөлүнгөндү токтотолу!


Урматтуу Кыргызстандыктар!

Урматтуу мекендештер!

Эгерде мен кудайдын буйругу менен президент болуп, эл башкарып калсам, ажолук иш ант берүүдөн башталат эмеспи, мен да эң биринчи кадамды АНТ берүүдөн баштамакмын. Айтайын дегеним, илгерки Манас бабабыздын заманындагыдай ант берүү менен чогуу, касам ичип, ок тиштеп карганмакмын. Албетте бул көрүнүш заманга төп келбейт, уят дегендер болушу мүмкүн, элге ак кызмат кылуунун эмнеси уят, расмий түрдө Конституцияны кармап ант берип кол койгон соң, бейрасмий, эл астында, куран кармап, касам ичмекмин. Ал үчүн эч кандай колдун же мөөрдүн кереги жок, алдындагы куран, оозундагы сөзүң жетиштүү. Жана башка депутат, министр болом дегендерди да ант бердирип, анан касам ичиртмекмин (Бул жерден Акаев менен Бакиевди мисал келтирмекмин, бирок бирөөнү каралаган болбойт деп жатпайсыңарбы).

Андан кийинки маселени борбор шаарыбыздан баштамакмын. Себеби, шаарыбыздын көчөлөрүндө басканга болбой калды, өзүңөр деле көрүп турсаңар керек, шаардын тегерегине эгемендүүлүктөн башталып ага удаа эки революция шылтоо болуп козу карындай көбөйүп кеткен жаңы конуштарды айтпаганда да, шаар ичиндеги автоунаа жуугуч мекемелер, кафе, ресторан жана ушул сыяктуу майда-чүйдө соода түйүндөрү тротуарларга чейин чыгып кетти. Бирок көйгөй жолдорду кеңейтип же ошол жолтоо болгон соода түйүндөрүн шаардын четине чыгарып жибергенден эле чечилип калбайт. Медиктердин айтымында, шаарда экологиянын таза эместигинен ар кандай оорулар да пайда болууда.

Кыскасы, мен борборду башка жакка жылдырмакмын, бирок силер ойлогондой Ош, Нарын же башка жакка эмес, жака-белибиздеги эле Токмок же Кара–Балта шаарын көздөй жылдырмакмын себеби, борборду кеңейтүү керек. Жаныбыздагы эле Алматы, Ташкент шаарлары СССР мезгилинде башынан аягына чейин автоунаа менен эки сааттык жол эле, ал эми биздин Бишкек шаары азыр деле эгерде жолдо тыгын (пробка) жок болсо, жарым саатта башынан аягына чыгып кетсе болот. Ал долбоорго Кара-Балта шаары оңураак го дейм, себеби президенттик картеж да аэропорттон түз эле Кара-Балтага өтүп кетмек, элди жүдөтпөй. Анан көчүргөндө шаардын баарын көчүрбөй эң биринчиден Ак үйдү көчүрмөкмүн. Ошондо акчалуулар Ак үйдү тегеректеп, ошол жакка карай агылмак. Албетте жети эмес жетимиш жолу өлчөнгөн шаардын генпланы түзүлмөк. Мен турган мөөнөттө шаардын баарын көчүрө албасам да, жок дегенде Ак үйдүн фундаментин курдуруп кетмекмин, анан элибиз айткандай баштап эле алсак, кылганын ыйлап-сыктап эптеп бүтүрүп алмакпыз. «…Жоок, ашууда ат алмашпак беле, эми баштап койгон долбоорду бүтүрүп, дагы үчүнчү мөөнөткө туруп бериңиз…» - деп чыккан кошоматчы саясатчалардын сөзүнө маашырканып, үчүнчү мөөнөткө барбайм жана ошенткендерди жазаламакмын. Себеби менин девизим: «Эл эмне болсо ошо болсун, бирок мыйзам бузулбасын» деген ураан болмок, а мен элдин бир бөлүгүмүн да… Анан калса бул менин Тойчу атамдан калган бийлик эмес да…

Баса саясат демекчи: Кыргыздын ар бир сөзү бар, ар бир сөздүн өзүнчө мааниси бар Мисалы; «үй» - деген сөз, тапкан-ташыганынды үй, чогулт дегени, «алтын» - ал да, тынып кал дегени ж. у. с. Ал эми «саясат» - дегени сая кууп, креслого жеткен соң башкаларын сатып жибер дегени экен. Демек, мен элге эч кандай саясат жүргүзмөк эмесмин, саясатты чет элдерге жүргүзмөкмүн бирок ал «политика» болмок, саясаттан политиканын айрымасы бар, «политика» - деген «калп эле…» деген сөз, мисалы; «не делай политику…, это просто политика…» ж.у.с. Ошондуктан эгерде мен президент болсом эч кандай саясат болбойт. Элге саясат кылган туура эмес, элге чынчыл мамиле керек. Сыртка карай саясат кыла берсе болот, себеби дипломатиялык мамиленин негизи ошол саясат. Ошондуктан сыртта жогорку деңгээлде кол коюулар менен мамлекеттик мамилелер түзүлөт да бирок көбүнчө аткарылбай, саясат бойдон кала берет, эгерде аткарылса анда чындык. Бирок баары бир сүйлөшүүлөр саясат менен башталат.

Кийинки мен ойлонткон маселе түндүк-түштүк маселеси: аны чечиш үчүн билерман юристтер менен кеңешип, өзүнчө жазалоо мыйзамын токутмакмын, күнөөлүүлөрдүн балдарын же неберелерин түндүгүн түштүгүнө, түштүгүн түндүгүнө алмаштырып бактырмакмын. Илгерки замандарда ошондой кылчу экен. Антпесе бул кыргыздын чекесине чыккан чоң чыйкан болуп турат. Интернеттеги Фейсбук, Майл ру, Твиттер сыяктуу байланыш тармактарын карасаң, түндүк-түштүк болуп бирин-бири жеп жиберчүдөй тытышат, бирок өңдөрүн көрсөтүшпөйт, себеби айткандары калп. Андайларды ачыкка чыгарып, айтканың чын болсо аты-жөнүңдү толук жазып чык демекмин, демократиянын жолунан тайбай. Анан ачыкка чыга албай өздөрүнөн өздөрү жок болмок деп ойлойм.

Кийинки маселе коррупция. Коррупция менен күрөшүү оңой эле, бирок мурдагы жана азыркы бийлик деле күрөшкүсү келбей жаткансыйт… Коррупция менен күрөшүүнүн жолу бул жөнөкөй: ошол коррупция боюнча кабар берген жарандарга акчалай сыйлык берүү керек, бул деген ошол базар экономикасынын талабы. Тагыраак айтканда, коррупционерлердин жеген акчасынан 5тен 10 пайызга чейин сыйлык катары бердирмекмин. Мисалга 100 миңге чейин болсо 10%, 100 миңден жогорусуна 7% эгерде коррупциялык зыян же коррупционердин жеген акчасы бир миллиондон жогорусуна 5 пайыз кылып сыйлык көрсөтүп койсо, ошондо коррупционерди жанында жүргөн жакындары эле сатып коймок. Ал эми ИИМ, УКМК сыяктуу күч структурасы, Салык, бажы, Мамкаттоо сымал коррупцияланган мекемедеги ачылган кылмыш үчүн, ошону ачууга жардам берген мамлекеттик кызматкер болсо ага эки эсе сый-урмат көрсөтүлмөк, албетте мыйзамдын чегинде гана. Ушул сыяктуу окуя Орусияда болгон. 2008-жылдары болсо керек нефтинин баасы түшүп бай мамлекеттер кризиске учурай баштаганда, ошондо Путин банкрот болуп калбасын деп бир банкка жети миллиард рубль которсо, банктын директору өзүнө өзү бир жарым миллион рубль сыйлык жазып алган. Аны өзүнүн бухгалтери эле сатып койгон, себеби аны менен бөлүшпөй койсо керек же бөлүшсө да аз берип койгон. «Шынааны шынаа кагып чыгарат»,- дейт элибизде, бул ач көз мителерди өздөрүнө өздөрүн жедириш керек. Менимче коррупция менен күрөшүүнүн эң эффективдүү жолу ушул эле деп билем, антпесе «Адам аласы ичинде, мал аласы сыртында» - дейт кыргызда. Адамдын актыгы анын чынчылдыгы жана гумандуулугу маңдайына жазылбаган соң, бул жапайы базар экономикасында баары базар болуп билинбей калды. Албетте Раззаков, Абдрахманов, Масалиев сымал таза чыныгы интеллигент инсандарыбыз деле бар эл ичинде, бирок алар паракор, кошоматчы, бюрократтардын арасынан көрүнбөй жатпайбы элдин ичинен. Эгерде жогоруда мен айткандай кылсак, ошондо таза, эл үчүн күйгөн адамдар өзү эле суурулуп чыгып коркпой бийликке келмек.

Андан да бир кызыктуу нерсе мамлекеттик өнүгүү программасы базар (рынок) жолуна коюлду да, күрөшүү жолу жок. Анан кантип коррупция жоголсун?

Кийинки маселе гендердик саясат, аты эле айтып тургандай бул деле саясат бойдон калууда. «Все гениальное очень просто» - дейт орустар. Ал үчүн шайлоодо аялдар аялдарга, эркектер эркектерге добуш берсин деп эле койсок, аял менен эркек тең укукта болмок да калмак. Албетте, аял болсом да эркек кандидатка добуш берем же казан-аякка эле президент же депутат болуп турайлы, эркектердин ишине аралашпай деген аялдар да чыгышы мүмкүн элдин арасынан, менталитетибиз да ошого жакын. Аларга шайлоо учаскасынан арыз жаздырып каалаган талапкерине добуш бере турган кылсак деле болот. Бирок анда эркектерибиз коюнундагы байкуш аялын коркутуп, коркута албаса бирдеме алып берем деп алдап, дале эркектер алдыга озуп кеткидей. Ошондуктан жогорудагыдай аялдар аял, эркектер эркек талапкерге гана добуш берсин десек, гендерлик маселе чечилип, аял-эркек тең укуктуу болуп калмак эч кандай саясаты жок эле. Гендер маселесин чечебиз деп тендер жарыялап, аны кылыш үчүн акча керек деп, жөнөкөй эле нерсени саясатташтырып акча жегендер да көп коомубузда.

Акырында айтаарым: «Айланайын элим! Түндүк-түштүк, уруу-уруу, улут-улут болуп бөлүнбөгүлө, бириккиле! Бирок менин тегерегиме бириккиле!» -деп ураан чакырып чыккан саясатчыларга ишенбегиле. Дагы кайталайм, алар саясатчы, демек калпычы. Манас атабыз хандыгында эч кандай саясат болгон эмес, барын бар, жогун жок деп эле иш кылышкан. Менин девизим «Эл эмне болсо ошо болсун, бирок мыйзам бузулбасын» болуп жатпайбы. Жакшы эле мыйзамыбыз бар, бирок ал иштебей жатат, эгерде иштесе элге жакшы болуп, чиновниктерге кыйын болот, ошондуктан аткаминерлер закондун иштешин анча деле каалабайт, алар жөн эле саясат кылып жатышат. Менин тегерегиме бирикпесеңер да, өзүңөр бөлүнбөгүлө журтум!

Өмүралы Тойчиев, Бишкек

XS
SM
MD
LG