Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Окугум келип жүрөт


Сүлүктүдөгү көмүр шахтада иштеген балдар (Сүрөттү тарткан Төрөкул Дооров)
Сүлүктүдөгү көмүр шахтада иштеген балдар (Сүрөттү тарткан Төрөкул Дооров)
Базарда араба тартып жүргөн өспүрүмдүн каты

Саламатсыңарбы, асылкеч курбуларым! Бейтааныш болсом дагы салам айтып силерге ыр сунамын. Эх, аттиң! Силердей балдар менен сырдашып калсам кана, жазылмак бир кумарым. Китепкап көтөрүп, эртең менен мектепке баратсаңар, муңайып бечарадай умсунамын...

Сабакка барасыңар, мен болсо базарда араба тартып жүрөм. Турмуштун зылдай жүгүн моюнума артып жүрөм. Күнүгө жүз ирет кудайдан тилегеним: “ Окууга кантип кирем?!” Суктанам мектептин короосунда ойногон кыз-балдарды карап алып. Жандүйнөм эңшерилет жашымды санап алып. Мен теңдүү балдар жүрөт аппапак көйнөк кийип, чачтарын жакшынакай тарап алып.

Жарытып билим албай, жашымдан жанбай калдым. Балалыктын балдай таттуу ширесине канбай калдым. Ата-энем ажырашып, экинчи класстан соң окууга барбай калдым.

Тагдырымдын сызыгын өз алдымча чийип жүрөм. Сандаган ишке ашпас (а балким ашып калаар) кыялдарды башыма үйүп жүрөм. Жаркырап кызыл жагоо тагынбастан, желим өтүк, жыртылган жука куртка кийип жүрөм.

Бар дүйнөм эңшерилет, балдардан четте калып. Аркага кайткым келет бактылуу күндөрүмдү эстеп алып. Буркурап ыйлап алам, жаш аарчып соороном көптө барып. Үмүт да үзүлбөгөн, сумкама катып койдум калемсап, дептер алып.

Аттиң ай, алсыз болдум аткарууга турмуштун талаптарын. Түбүнөн кыркты тагдыр жаш түлөк шумкардын канаттарын. Тааныгам алфавитти, эжелеп окуп коём жарнама барактарын. Кеч болсо да тилекти берсе экен дейм ЖАРАТКАНЫМ!


Санаалар эзип жүрөк, ааламга кезип тилек, досторум, силердей болуп мен да ОКУГУМ КЕЛИП ЖҮРӨТ!

Улукбек Омокеев
Ош шаары
XS
SM
MD
LG