Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду


Кыргыз-тажик чек арасында топтолгон адамдар. 25-август, 2014.
Кыргыз-тажик чек арасында топтолгон адамдар. 25-август, 2014.

25-августта Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында дагы ок атуу болду. “Азаттыктын” тажик кызматы андан эки киши набыт болуп, беш киши жараат алганын кабарлады.

Кыргызстан Чек ара кызматынын маалымдооcуна караганда, 25-августта кечке жуук Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнүн Сай аймагында тажик чек арачылары чек ара аныктала элек участокко 800-900 метр кирип келип, чек ара бекетин орнотууга аракет жасаган. Кыргыз чек арачылары ага жол беришкен эмес. Натыйжада ок атылган. Тажик тарап бул ирет да миномет колдонгон. Жергиликтүү тажик тургундары ал жердеги көпүрөнү бузууга аракет жасаган. 30 мүнөткө созулган атышууда кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Кырдаал чыңалып турат.

Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева кыргыз-тажик чегиндеги атышуу тууралуу “Азаттыкка” буларды маалымдады:

- Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара күзөттөрү ортосундагы атышуу Лейлек районунун Сай деген жеринде болду. Тажик Республикасынын чек арачылары Кыргызстанга ичкери 800-900 метрдей кирип келип, чек аранын макулдашылбаган бөлүгүндө чек ара бекетин орнотууга аракеттенишкен. Биздин чек арачылар, албетте, буга жол берген эмес. Ортодо атышуу чыгып, куралды биринчи болуп тажик чек арачылары колдонгон. Алар ок атуучу гана куралды колдонбостон, төрт ирет минемоттон да атышкан.

Гүлмира Бөрүбаева "20-30 мүнөткө" созулган ок атышууда кыргыз тараптан жабыркагандар жоктугун, учурда кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын кошумчалады.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин нөөмөт бөлүмүнөн “Азаттыктын” тажик кызматына атышуу болгонун ырасташып, анын чоо-жайы иликтенип жатканын айтышты.

“Азаттыктын” тажик кызматынын кабарлашынча, чырдан эки киши набыт болуп, беш киши жарадар болуп ооруканага жеткирилген. Алардын бири Овчи-Калача айылынын тургуну 35 жаштагы Халимжон Сатторов “Азаттыктын” тажик кызматына чырды кыргыздар биринчи баштаганын айтты.

Чек арада жараат алган тажик жараны
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

Азаттык: Чыр эмнеден чыкты?

Сатторов: 25-августта биздин үйлөргө кыргыздар келишти, биз сыртка чыктык. Андан соң кыргыздар аткылай баштады, анан биз тараптан дагы ок чыгарышты. Андан кийин эмне болгонун билбейм, граната жарылды окшойт, тарс деп үн чыккандан кийин 4-5 киши кулап калдык.

Азаттык: Кыргыздар болчу деп атасыз, кантип тааныдыңыз?

Сатторов: Алардын баары аскерлер болчу. Адегенде алар чыр чыгарышты, андан кийин биздин чек арачыларга кол салып, биздин территорияга кирип келишти.

Азаттык: Алар канча киши эле?

Сатторов: Болжол менен жүзгө жакын.

Озоди: Эмне үчүн жаңжал чыкты жана эмнеге силерге ок чыгарышты?

Сатторов: Жер үчүн, ал жакта дамба дагы бар. Алар ошону тартып алгылары келет, бизге тиешелүү дешти.

Озоди: Жанагы көпүрө курулчу жердеби?

Сатторов: Ооба, дал ошол жерде. Биз бул жерде 12 түтүн 35 жылдан бери жашайбыз. Буга чейин кыргыздар бизди жерибизден кубалаган учур эч качан болгон эмес. Акыркы үч жылдан бери мурдагыдай эмес.

Озоди: Мойнуңузду ороп алыпсыз, эмне болду?

Сатторов: Жогорудан граната түшүп жарылды. Ошол жерде турган 4-5 киши кулап калдык. Бир киши набыт кетти, калгандары жарадар болушту.

Жарадар болгондордун биринин атасынын айтымында, тажик жарандары кыргыз тарап куруп жаткан көпүрөгө каршы чыгышкан. Алар курулуп жаткан көпүрө талаштуу аймакта орун алган жана эгер ал бүтсө, өткөн кылымдын 50-жылдары курулган суу сактагычты кыргыз тарап ээлеп алат деп чочулап жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Маалыматта учурда чыр болгон аймакка кошумча тажик чек арачылары жөнөтүлгөнү айтылат.

Баткендеги тажик айылдарын айланып өтчү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу мындан бир жума мурда башталган. Жол курулушун тездетүү үчүн ушул аптада кошумча техника тартылган болчу.

Өкмөттүн маалымат кызматынын “Азаттыкка” билдиришинче, 26-27-августта Бишкекте кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу сүйлөшүү өтмөк. Тажик делегациясын тажик вице-премьер-министри Мурадоли Алимардон жетектеп келмек. Эки күндүк сүйлөшүүдө чек араны делимитациялоону активдештирүү, Ак-Сай-Тамдык-Кишемиш жолун жана Лейлек районунда көпүрө куруу маселеси талкууланмак.

Кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу сүйлөшүү болор астында, буга чейин да чырлар болуп келген. Муну айрым расмий адамдар чек ара маселесинин оң жагына чечилишин каалабаган жана чырды козутууну каалаган кайсы бир күчтөрдүн чагымы катары баалап келет.

Чек ара кызматынын Баткендеги бөлүмүнөн кабарлашынча, алты ай ичинде кыргыз-тажик чек арасында 28 чыр катталган. Жаңжалдын себеби, чек ара тилкелеринин толук такталбаганы жана аткезчилик болууда.

Жалпы узундугу 25 чакырымдай Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу былтыр апрель айында башталган. Бирок тажик тараптын каршылыгынан улам курулуш токтоп, бир нече жолу жаңжал чыккан. Акыркы жолу 10-июль күнү эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда куралдуу кагылышуу катталган.

XS
SM
MD
LG